# Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 19/3 "Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 19/3 "Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19/3
- Дата принятия: 27.02.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.02.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/231436>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26717/edition/685470/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.02.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 19/3 "Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.02.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/231436

---

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIХ сессиясы

2015-жылдын 27-февралы № 19/3 Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергииктүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы–экономикалык негиздери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылга карата жергиликтүү бюджетти жана 2016-2017-жылдарга финансы министирлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтрдү карап чыгып , Жаңы-Арык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2015-жылга 14938,0миң сом, 2016-жылга 13036,2миң сом жана 2017-жылга 13928,3 миң сом, өлчөмүнө ылайык бекитилсин.

2. 2014-жылга карата Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 9960,6 миң сом аткарылышы 12 688,0сом өлчөмүндө бекитилсин деп табылды.

3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган калдык 509,5 миң сом акча каражаты кошумча симетанын негизинде жумшалсын.

4. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аппарата иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июну № 384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 23, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөч-адис коэфсентинде бекитилсин ), кенже кызматкерлер 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төөлөлөр төлөнүп берилсин.

5. 2015-жылга бекитилген бюджеттин аткарууда Жаңы-Арык айыл өкмөтү жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөтүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча турукткк комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы

М. Шерматов
