# Үч-Дөбө айылдык кеңешинин"2014-жылдын 11-февралындагы № 14/4 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Үч-Дөбө айылдык кеңешинин"2014-жылдын 11-февралындагы № 14/4 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14/4
- Дата принятия: 11.02.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.02.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/231294>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26575/edition/682823/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.02.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Дөбө айылдык кеңешинин"2014-жылдын 11-февралындагы № 14/4 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө" токтому (ред. от 11.02.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/231294

---

ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2014-жылдын 11-февралы № 14/4 Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүүжобонун негизинде ,Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы С.Ахуновдун билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонунталаптарына ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жазгы жана күзгү жайыттарын пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонун негизинде ,жайыт комитетинин 2014-жылдын 20-январындагы №2 протоколунда көрсөтүлгөн малдын башына белгиленген төлөм тарифтери бекитилсин.

2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалангандыгы үчүн мал башынан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык алып баруу, жайыт комитетинин төрагасы С.Ахуновго милдеттендирилсин.

3. 2014-жылдын 11-февралындагы Үч-Төбө айылдык кенешинин III чакырылышынын XIV кезектеги заседаниесинин № 14/4 токтомунун негизинде Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт үчүн төлөөчү тарифи 240350(Экижүзкырк мин үч жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.

Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы

Т. Акматов
