# Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 11 "Жумгал жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү ишканасы, Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине 2015-жылдын 1-мартынан баштап өткөрүлүп берилгендиктен, суунун тарифин кайра карап берүү, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы О. Жунушалиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 11 "Жумгал жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү ишканасы, Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине 2015-жылдын 1-мартынан баштап өткөрүлүп берилгендиктен, суунун тарифин кайра карап берүү, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы О. Жунушалиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 19.03.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.03.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/231127>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26408/edition/681355/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.03.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 11 "Жумгал жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү ишканасы, Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине 2015-жылдын 1-мартынан баштап өткөрүлүп берилгендиктен, суунун тарифин кайра карап берүү, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы О. Жунушалиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулоо жөнүндө" токтому (ред. от 19.03.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/231127

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2015-жылдын 19-марты № 11 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-январындагы № 29 токтомунун негизинде Жумгал жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү ишканасы, Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине 2015-жылдын 1-мартынан баштап өткөрүлүп берилгендиктен, суунун тарифин кайра карап берүү жөнүндөгү, Чаек айыл Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы О. Жунушалиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Чаек айылдык Кещешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин алдындагы “Чаек-Водоканал” муниципалдык ишканасына, Чаек айылындагы суу түтүкчөлөрүнүн эскилиги жетип, ондоого көп каражатты талап кылынгандыгына байланыштуу сууга төлөнүүчү тарифтер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

- үйүнөн суу түтүкчөлөрүн пайдалангандарга киши башына- 15 (он беш) сомдон

- көчөдөн суу түтүкчөлөрүн пайдалангандарга киши башына - 7,50 (жети сом 50 тыйын)

- суу чыгаруу үчүн айыл өкмөтүнөн чечим(уруксаат) алган үчүн - 2500 (эки мин беш жүз) сом

- кафе, мончо, магазиндер пайдаланган суу түтүкчөлөрүнө- 1 м 3 - 6 (алты) сом

2. Үйүнө суу киргизген адамдарга милдеттүү түрдө суу эсептегичин койдурушсун жана бир айдан ашык көрсөтүлгөн кызматтын акысын төлөбөсө суу берүү токтотулсун.

3. Айыл өкмөтүнүн чечими жок өз алдынча үйүнө суу киргизген абонентке административдик айып салынсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге тапшырылсын.

Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы:

А. Бодонбеков
