# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 13 "Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо" токтому

- Полное наименование: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 13 "Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 04.07.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.07.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/231062>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26343/edition/679722/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.07.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 13 "Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо" токтому (ред. от 04.07.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/231062

---

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

2015-жылдын 04-июлу № 13 Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо Депутаттар айыл өкмөтүнүн айыл жер адиси А.Динбаевдин сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 25-,26-, 29-,32-бер.1-бөл.33-,34- жана 36-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын 2011 -жылдын 23-сентябрындагы «Мунициалдык менчикте турган жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүүнү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» № 571 Типтүү жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу жана башка максаттарда пайдалануу үчүн жарандарга менчикке берүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнө–Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринин контурлары боюнча реестрин түзүү жагы тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, агро өнөр- жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жара- тылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы

Б. Жунусов
