# Кабак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 02-июнундагы №26-13-1 "Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгаяктын талаасы участкасынын ордун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жер аянттын берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кабак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 02-июнундагы №26-13-1 "Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгаяктын талаасы участкасынын ордун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жер аянттын берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26-13-1
- Дата принятия: 02.06.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.06.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230935>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26216/edition/686878/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.06.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кабак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 02-июнундагы №26-13-1 "Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгаяктын талаасы участкасынын ордун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жер аянттын берүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.06.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/230935

---

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кабак айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы 2015-жылдын 02-июну №26-13-1 Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгаяктын талаасы участкасынын ордун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жер аянттын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Автомобиль жолдорун куруу, реаблитациялоо жана реконструкциялоонун инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу» жөнүндөгү 2004-жылдын 21-майындагы №374 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын түндүк түштүк альтернативдик автожолунун долбоорундагы Балыкчы-Жалал-Абад жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан жол куруучуларга убактылуу турак жай лагери үчүн убактылуу колдонууга жер аянтын берүү максатында Кабак айылдык Кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик автожолунун 236Ө200 км түштүк тарабындагы жолдон 350 м алыстыкта болгон 4,75 га жер аянтына база курууга Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгаяктын талаасы 6 (алты) жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине убактылуу берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт коммуникациялар министрлиги, «Чайна Роуд энд Бриджа» жол жана көпүрөлөрдү куру корпорациясына жерди пайдаланууда бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоону камсыз кылууну жана ошондой эле жерди убактысы бүткөндө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү менен рекультивациялоону аткарууну камсыз кылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.

Кабак айылдык Кеӊешинин төрагасы

Б. Имеров
