# Теплоключенка айылдык Кенешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №44 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Теплоключенка айылдык Кенешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №44 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 44
- Дата принятия: 15.07.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.07.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230864>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26145/edition/676500/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.07.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Теплоключенка айылдык Кенешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №44 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө" токтому (ред. от 15.07.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/230864

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Теплоключенка айылдык Кенешинин XXVI чакырылыш ХXIX сессиясы

2015-жылдын 15-июлу №44 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын θкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы №813 «2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун негизинде, айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын Ак-Суу балдар үйүндөгү бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн сентябрь айынан баштап төрт айга: айына 12500 (он эки миң беш жүз) сомдон 25 балага айына 500 (беш жүз) сомдон бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, айылдык кеңештин токтому Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.

3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.

Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы

К.Джаныбеков
