# Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-августу № 8-3-2 "Разрез Мин-Куш” ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак “Северный" (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-августу № 8-3-2 "Разрез Мин-Куш” ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак “Северный" (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8-3-2
- Дата принятия: 16.08.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.08.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230053415>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-59122/edition/61546/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.08.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-августу № 8-3-2 "Разрез Мин-Куш” ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак “Северный" (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө" токтому (ред. от 16.08.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/230053415

---

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) №3- кезексиз сессиясы

2021-жылдын 16-августу № 8-3-2

"Разрез Мин-Куш” ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак “Северный" (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө

2021-жылдын 25-майындагы (Кириш №36) "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коомдун катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген 6680 СЕ лицензиясынын карап чыгып жана КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген "Жер казынасы” жөнүндөгу мыйзамын жана “Жер жөнүндө” кодексин эске алып Мин-Куш айылдык кеңешинин кезексиз 3-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

1. "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коому 2020-жылдын 24- августунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитетинен берилген №6680 СЕ лицензиясынын №2 лицензиялык келишиминин негизинде Мин-Куш айыл аймагынын көмүрдү казып иштетүү иштерин жүргүзүүгө пайдаланууга сураган кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы" мыйзамынын талаптарына ылайык, лицензиялык келишиминин негизинде жана кепилдик каттынын негизинде Мин-Куш айылынын Туракабак "Северный” (Западный фланг) тарабынан уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган расмий иш кагаздарын берүүсү Мин-Куш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мин-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго тапшырылсын

| Төрага | | А.Жапаров |
