Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Разрез Мин-Куш” ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак “Северный» (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) №3- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 16-августу № 8-3-2
"Разрез Мин-Куш” ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак “Северный" (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө
2021-жылдын 25-майындагы (Кириш №36) "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коомдун катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген 6680 СЕ лицензиясынын карап чыгып жана КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген "Жер казынасы” жөнүндөгу мыйзамын жана “Жер жөнүндө” кодексин эске алып Мин-Куш айылдык кеңешинин кезексиз 3-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коому 2020-жылдын 24- августунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитетинен берилген №6680 СЕ лицензиясынын №2 лицензиялык келишиминин негизинде Мин-Куш айыл аймагынын көмүрдү казып иштетүү иштерин жүргүзүүгө пайдаланууга сураган кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы" мыйзамынын талаптарына ылайык, лицензиялык келишиминин негизинде жана кепилдик каттынын негизинде Мин-Куш айылынын Туракабак "Северный” (Западный фланг) тарабынан уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган расмий иш кагаздарын берүүсү Мин-Куш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мин-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго тапшырылсын
| Төрага | | А.Жапаров |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
Связи документа
ссылается на 1 · на него ссылаются 0 · связанные 0
Документ ссылается на (1)
- Постановление Правительства от 15 декабря 2017 года № 810 "О вопросах предоставления земельных участков под недропользование"Постановление · 15.12.2017 · № 810