# Бел айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-майындагы 16-7 Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү күнүн өткөрүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Бел айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-майындагы 16-7 Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү күнүн өткөрүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16-7
- Дата принятия: 22.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.05.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052352>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58603/edition/60217/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.05.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бел айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-майындагы 16-7 Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү күнүн өткөрүү жөнүндө токтому (ред. от 22.05.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052352

---

БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы

2026-жылдын 22-майы №16-7 Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү күнүн өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен бекитилген “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Бел айыл өкмөтү тарабынан даярдалган иш-чаралар планы сессияда карлып, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айылдык кеңеш токтом кылат:

“Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыкты ишке ашыруу максатында Бел айыл өкмөтү тарабынан даярдалган иш-чаралар планын аткарууга макулдук берилсин. Аталган иш-чаралар боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнө жана жер адистерине тапшырылсын. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын. Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча комиссияга тапшырылсын.

| Төрага | Ураимов М.А. |
