# Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-августундагы №13 “Арстанбап-Ата айыл аймагында суу коргоо зонасын аныктоо жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-августундагы №13 “Арстанбап-Ата айыл аймагында суу коргоо зонасын аныктоо жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 14.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051557>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58309/edition/59255/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-августундагы №13 “Арстанбап-Ата айыл аймагында суу коргоо зонасын аныктоо жөнүндө” токтому (ред. от 14.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051557

---

АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

ТОКТОМУ 14-август 2025-жыл. №13

“Арстанбап-Ата айыл аймагында суу коргоо зонасын аныктоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринитн полосалары жөнүндө” жобонун 23-пунктуна ылайык,калктуу конуштун аймагында суу коргоо тилкелерин аныктоо максатында Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринин полосалары жөнүндө” жобонун 23-пунктуна ылайык, калктуу конуштун аймагында суу коргоо тилкелери төмөндөгүдөй аныкталсын жана бекитилсин:

1) Кызыл-Ункур айылынын ичи менен агып өткөн сайдын суу коргоо зонасы- 15 метр;

2) Кызыл-Ункур айылынан агып чыккан сай менен Жаз-Кечүү айылынан агып келген сайдын кошулган жеринен баштап Арстанбап сайы кошулган жерине чейин суу коргоо зонасы -25 метр;

3) Арстанбап айылынын ичи менен кеткен кичинекей сайлардын суу коргоо зонасы – 5 метр;

4) Чакан сайлар бириккенден кийинки Арстанбап сайынын суу коргоо зонасы- 25 метр;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринин полосалары жөнүндө” жобонун 17-пунктуна ылайык, калктуу конуштун аймагында Кара-Ункур сайынын суу коргоо зонасы 100 метр болуп белгиленсин.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Чолпановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.

Төрага Ж.Абдухалилов
