Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин “Арстанбап-Ата айыл аймагында суу коргоо зонасын аныктоо жөнүндө” токтому
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
ТОКТОМУ 14-август 2025-жыл. №13
“Арстанбап-Ата айыл аймагында суу коргоо зонасын аныктоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринитн полосалары жөнүндө” жобонун 23-пунктуна ылайык,калктуу конуштун аймагында суу коргоо тилкелерин аныктоо максатында Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринин полосалары жөнүндө” жобонун 23-пунктуна ылайык, калктуу конуштун аймагында суу коргоо тилкелери төмөндөгүдөй аныкталсын жана бекитилсин:
1) Кызыл-Ункур айылынын ичи менен агып өткөн сайдын суу коргоо зонасы- 15 метр;
2) Кызыл-Ункур айылынан агып чыккан сай менен Жаз-Кечүү айылынан агып келген сайдын кошулган жеринен баштап Арстанбап сайы кошулган жерине чейин суу коргоо зонасы -25 метр;
3) Арстанбап айылынын ичи менен кеткен кичинекей сайлардын суу коргоо зонасы – 5 метр;
4) Чакан сайлар бириккенден кийинки Арстанбап сайынын суу коргоо зонасы- 25 метр;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринин полосалары жөнүндө” жобонун 17-пунктуна ылайык, калктуу конуштун аймагында Кара-Ункур сайынын суу коргоо зонасы 100 метр болуп белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Чолпановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.
Төрага Ж.Абдухалилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.