Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Торт-Гул айылдык кенешинин «Төрт-Гүл айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алынбашы жөнүндө» токтому
ТОРТГУЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылы 19-августу № 27 Төрт-Гүл айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алынбашы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 39-беренесин жетекчиликке алып, Төрт-Гүл айыл аймагында маркумдарды узатуу жана сөөгүн жерге коюу боюнча атайын кызмат көрсөтүүчү муниципалдык же башка атайын кызмат уюштурулбагандыгын, ошондой эле аталган кызматтар боюнча жарандарга акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүлбөй тургандыгын эске алып, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 токтому аткарууга алынсын. Төрт-Гүл айыл аймагында маркумдарды узатуу жана сөөгүн жерге коюу боюнча атайын кызмат көрсөтүүчү мекеме же кызмат уюштурулбагандыгына байланыштуу, бул кызматтар үчүн жарандардан акы алынбасын. Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө жеткирүү, узатуу жана жерге коюу иштерин уюштуруу тиешелүү айыл өкмөтү, көрүстөндүн жооптуу адамы жана маркумдун жакындары менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлсүн. Көрүстөндү пайдалануу жана маркумдардун сөөгүн жерге коюу учурунда көрүстөндүн ички тартиби, санитардык жана башка мыйзам талаптарын сакталышын камсыз кылынсын. Токтомдун аткарууга алуу жайылтуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановко жүктөлсүн. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg/ веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Н.Артыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.