Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Суу-Башы айылдык кенешинин «Маркумду узатуу жана сөөгүн жерге коюу кызматтары үчүн акы алынбашы жөнүндө» токтому
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезекcиз ХXIII сессиясы
2026-жылдын 19-августу № 167 Маркумду узатуу жана сөөгүн жерге коюу кызматтары үчүн акы алынбашы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 токтомун аткаруууга алуу максатында,Суу-Башы айыл аймагында маркумдарды узатуу жана сөөгүн жерге коюу боюнча атайын кызмат көрсөтүүчү муниципалдык же башка атайын кызматтын уюштурулбагандыгын, ошондой эле аталган кызматтар боюнча жарандарга акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүлбөй тургандыгын эске алып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жерге коюу боюнча атайын кызмат көрсөтүүчү мекеме же кызмат уюштурулбагандыгына байланыштуу, бул кызматтар үчүн жарандардан акы алынбасын.
2. Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө жеткирүү, узатуу жана жерге коюу иштерин уюштуруу тиешелүү айыл өкмөтү, көрүстөндүн жооптуу адамы жана маркумдун жакындары менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Көрүстөндү пайдалануу жана маркумдун сөөгүн жерге коюу учурунда көрүстөндүн ички тартиби, санитардык жана башка мыйзам талаптарынын сакталышы камсыз кылынсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жана жайылтуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Шамшиевге жүктөлсүн.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Шакиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.