# Кыз-Кол айыл аймагынын 2025-жылдын 8-августундагы № 8 " Кыз-Көл айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу кызматтык унаа алууга макулдук беррүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыз-Кол айыл аймагынын 2025-жылдын 8-августундагы № 8 " Кыз-Көл айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу кызматтык унаа алууга макулдук беррүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 08.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051215>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58085/edition/58867/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыз-Кол айыл аймагынын 2025-жылдын 8-августундагы № 8 " Кыз-Көл айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу кызматтык унаа алууга макулдук беррүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051215

---

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын

2025-жылдын 8-августундагы №8

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу кызматтык унаа алууга макулдук беррүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 1-августундагы чыгыш №01-13/696 сандуу катын, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 30-июлундагы чыгыш №1-08-2/210 сандуу каттынын негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы С.Абдурасуловдун сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Абдурасулов Садырбектин берген маалыматы эске алынсын.

2.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизингте кызматтык унааны “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу алууга макулдук берилсин.

3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз

Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын камсыздо жана көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.

| Төрага | К.Кушбаков |
