Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Төрт-Гүл айылдык кенешинин «“Төрт-Гүл айыл аймагында көчөлөргө, аянттарга, парктарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге ат ыйгаруу жана кайра атоо жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы
2026-жылы 28-июлу № 21
“Төрт-Гүл айыл аймагында көчөлөргө, аянттарга, парктарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге ат ыйгаруу жана кайра атоо жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө” Жобого ылайык, Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштардагы көчөлөргө, аянттарга, парктарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге ат ыйгаруу жана кайра атоо маселелерин жөнгө салуу максатында Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштардагы көчөлөргө, аянттарга, парктарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге ат ыйгаруу жана кайра атоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтү бекитилген Жобонун талаптарынын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айылдык кеңешинин Социалдык маданий, этика, жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, https://tort-gul.gov.kg/сайтына расмий жарыялап, Баткен облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Т. Сапаровго жүктөлсүн.
Төрага Н.Артыков
Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-июль кезексиз XV сессиясынын №21токтомуна 1-тиркеме
“Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштардагы көчөлөргө, аянттарга, парктарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге ат ыйгаруу жана кайра атоо жөнүндө” Жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштардагы көчөлөргө, туюк көчөлөргө, аллеяларга, аянттарга, парктарга, скверлерге, муниципалдык менчиктеги имараттарга, маданият үйлөрүнө, спорттук объекттерге жана башка муниципалдык объекттерге (мектеп, бала бакча, ФАП ж.б.) ат ыйгаруу жана кайра атоо тартибин жөнгө салат.
1.2. Жобо төмөнкү максаттарда иштелип чыкты:
1. географиялык аталыштарды тартипке келтирүү;
2. тарыхый жана маданий мурастарды сактоо;
3. мамлекеттик тилдин нормаларын сактоо;
4. жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу;
5. муниципалдык объекттерге ат берүүдө бирдиктүү тартип орнотуу.
1.3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.
2-глава. Ат ыйгаруунун негизги принциптери жана аталыштарга коюлуучу талаптар
2.1. Объекттерге ыйгарылуучу аталыштар: мамлекеттик тилде жазылууга, тарыхый жана улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырууга, эл арасында түшүнүктүү болууга, айтууга жана жазууга жеңил болууга, эки же үч сөздөн ашпоого тийиш.
2.2. Бир айыл аймагынын чегинде бирдей аталыштагы көчөлөрдү жана объекттерди атоого жол берилбейт.
2.3. Географиялык аталыштар башка тилдерге которулбайт.
2.4. Калктуу конуштардагы көчөлөргө, парктарга, аянттарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге инсандын ысымын ыйгаруу ошол инсан каза болгондон кийин кеминде 5 (беш) жыл өткөндөн кийин гана жүргүзүлөт.
2.5. Инсандын ысымын ыйгарууда анын коом алдындагы эмгеги, тарыхый орду, коомчулук арасындагы кадыр-баркы жана жергиликтүү коомчулуктун пикири эске алынат.
2.6. Талаш-тартыш жараткан, коомдук бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн болгон ысымдарды ыйгарууга жол берилбейт.
2.7. Тарыхый жактан калыптанган, эл арасында кеңири белгилүү болгон жана мурдагы аталыштары бар көчөлөргө, аянттарга, парктарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге негизсиз түрдө адамдардын ысымдарын ыйгарууга жол берилбейт.
3-глава. Ат ыйгаруу жана кайра атоо тартиби
3.1. Ат ыйгаруу же кайра атоо боюнча сунуштарды төмөнкүлөр киргизе алышат: жарандар, депутаттар, мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш.
3.2. Сунуш айыл өкмөтүнө жазуу жүзүндө берилет.
3.3. Сунушка төмөнкү документтер тиркелет: негиздеме кат, объект тууралуу маалымат, сунушталган аталыштын түшүндүрмөсү, сунушталган инсандын өмүр баяны, чыгымдардын эсеби, коомдук пикир жөнүндө маалымат, жергиликтүү тургундардын жыйынынын протоколу, эмгек жамааттын жана профсоюздун протоколу.
3.4. Айыл өкмөтү сунуштарды алдын ала карап чыгып, жергиликтүү коомчулуктун пикирин уюштурат.
3.5. Көчөлөргө жана муниципалдык объекттерге ат ыйгаруу жергиликтүү кеңештин чечими менен жүзөгө ашырылат.
4-глава. Коомдук талкуу
4.1. Ат ыйгаруу жана кайра атоо маселелери боюнча жергиликтүү коомчулуктун пикири милдеттүү түрдө эске алынат.
4.2. Коомдук талкуу төмөнкү жолдор менен жүргүзүлүшү мүмкүн: жыйындар, коомдук угуу, сурамжылоо, жарандардын жазуу жүзүндөгү сунуштары.
4.3. Коомдук талкуунун жыйынтыгы протокол менен таризделет.
5-глава. Ат ыйгаруу жана кайра атоо боюнча чыгымдарды каржылоо
5.1. Калктуу конуштардагы көчөлөргө, туюк көчөлөргө, аллеяларга, аянттарга, бульварларга, парктарга жана муниципалдык менчиктеги объекттерге ат ыйгарууга же кайра атоого байланыштуу бардык чыгымдар демилгечи тараптын эсебинен жүргүзүлөт.
5.2. Ат ыйгаруу жана кайра атоо боюнча чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
1. көчө жана объект аталыштарын көрсөтүүчү такталарды даярдоо жана орнотуу;
2. эски көрнөк-жарнактарды алмаштыруу;
3. тиешелүү документтерди, схемаларды жана реестрлерди жаңылоо;
4. картографиялык маалыматтарды өзгөртүү;
5. маалыматтык жана уюштуруу иштерин жүргүзүү;
6. коомдук угуу жана талкуу өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар;
7. жашылдандыруу жана көрктөндүрүү;
8. мыйзамдарда каралган башка чыгымдар.
5.3. Ат ыйгаруу же кайра атоо боюнча сунуш жергиликтүү кеңеш тарабынан колдоого алынган учурда, демилгечи тарап менен айыл өкмөтүнүн ортосунда чыгымдарды каржылоо боюнча эки тараптуу макулдашуу түзүлүшү мүмкүн.
5.4. Демилгечи тарап чыгымдарды каржылоодон баш тарткан учурда сунуш кароосуз калтырылат же кароо токтотулат.
5.5. Өзгөчө учурларда, жергиликтүү маанидеги тарыхый, маданий же коомдук мааниси жогору объекттер боюнча чыгымдар жергиликтүү кеңештин өзүнчө чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
6-глава. Жоопкерчилик чаралары
6.1. Бул Жобонун талаптарын бузуу менен кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп табылышы мүмкүн.
6.2. Бул Жобонун талаптарын бузуу менен бирдей аталыштарды ыйгарууга, мамлекеттик тилдин нормаларын сактабаган аталыштарды колдонууга жана коомдук талкуусуз чечим кабыл алууга жол берилбейт.
6.3. Ат ыйгаруу жана кайра атоо боюнча жалган маалыматтарды, бурмаланган тарыхый маалыматтарды же жасалма документтерди берген адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
7-глава. Корутунду жоболор
7.1. Ушул Жобо жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.2. Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
7.3. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин чечими менен киргизилет.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 244 "О Комиссии по увековечению памяти выдающихся деятелей Кыргызской Республики при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 06.05.2013 · № 244
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67
- Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2025 года № 149 "О деятельности Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и…Постановление · 25.03.2025 · № 149