Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Арстанбап-Ата айыл аймагынын «Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 28-апрелиндеги № 4
«Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө»
Арстанбап-Ата айылдык Кенешинин аймагында айыл өкмөтүнүн 2024-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын долбоору жөнүндө Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Чолпановдун маалыматын угуп жана талкуулап Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин. (тиркемеси тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысы А.Адишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Ж.Абдухалиловго жүктөлсүн.
| Төрага | Т.Көчөров |
| Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 28-майындагы кезексиз III сессиясынын №4-токтомуна Тиркеме |
Арстанбап-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата иш-чаралар планы
| № | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Мөөнөттөрү | Каржылоо булагы | ||||
| I. Уюштуруу маселелери | ||||||||||
| 1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары-нын, Министрлер Кабинетинин токтом жана буйруктарынын аткарылышын камсыздоо жана жогорку органдардан келген каттарды, жарандардан келип түшкөн кайрылууларды өз мөөнөтүндө аткаруу. | Тиешелүүлүгүнө жараша аппараткызматкелерине милдеттендирилет. | Жергиликтуу бюджеттин жогорулашына жана калктын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлѳт | Айыл өкмөтунүн башчысынын орун басары -Жооптуу катчы- И.Чолпанов, А/К катчысы Б.Алыбаева | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджет, өнуктүрүү фонддор | ||||
| 2 | Айылдарда элдик жыйындарды өткөрүү, элдердин көйгөйлүү маселелерин угуу жана аларды оӊ жагына чечүү боюнча иш алып баруу. | Калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында ар бир айылда элдик жыйындар өткөрүлөт. | Калктын турмуш жашоосун жакшыртууга жетишет | АО башчысы-нын орун басары | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджет | ||||
| 4 | Санариптик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | “Санарип Аймак” автоматташтырылган маалымат тутумуна маалыматтарды киргизүү, толуктоо | Айыл аймагынын “Санарип Аймак” автоматташтырыл-ган маалымат тутумуна маалыматтар 100% киргизилет. | А/ ө башчысы-нын орун басары - И.Чолпанов, А/К катчысы, Б.Алыбаева | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджет | ||||
| 5 | Айыл аймагында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу | КРП 02.02.2023-ж.ПЖ№17 Жарлыгы менен бекитилген “2023-2025-ж.ж. КР кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясынын” негизинде иш алып баруу | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашырууда айыл өкмөтүнүн жоопкерчилиги жогорулайт | А/ ө башчысы-нын орун басары - И.Чолпанов | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджет | ||||
| II. Экономика | ||||||||||
| 6 | Финансалык өз алдынчалыгын жогорулатуу | Айыл ѳкмѳтү боюнча 2024-жылга карата жергиликтуу бюджетин айылдык Кеӊештин сессиясында бекитүү. | Жергиликтуу бюджетти пландуу пайдаланууга жетишет | ФЭ Болуму | 2024-жыл март-апрель | Жергиликтүү бюджет | ||||
| Салык базасын кенейтүү жана салыктык төлөмдөрдүн толук кандуу түшүүсүн камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу | Салык базасы 2% га өсѳт. Подоход, транспорт жана салык эмес төлөмдөрдүн эсебинен тушуучу салыктар 2% га өсѳт | Киреше бөлүмү | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджет | ||||||
| Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 2 % көбөйтүү менен өзүн-өзү каржылоонун деӊгээлин жогорулатуу. | Айыл аймактардын социалдык-экономикалык маселелери чечилет | ФЭ Болумунун башчысы З.Укубаева | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджет | ||||||
| 7 | Социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өсүү темпин камсыздоо | Ички дүн продукцияны 3,0% дан кем эмес өстүрүү: анын ичинен өсүү темпин өткөн жылга салыштыр-малуу тармактарда: -өнөр жай - 1,0% -айыл чарба - 2,0 % -курулуш - 2,0% -кызмат көрсөтүү - 2,0% -чекене товар жүгүртүү 2,0% өстүрүү. | Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылылат | Орун басар И.Чолпанов | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджет | ||||
| III. Өнөр жай тармагын өнүктүрүү, инвестициялык жана бизнес-климат | ||||||||||
| 8 | Муниципалдык базар куруу | Арстанбап айылына 1,7 га муниципалдык жер аянтына муниципалдык базар куруу | Ишкерлерге соода жүргүзүү үчүн шарт түзүлөт, 150 жумуш орду тузүлөт | Орун басар И.Чолпанов | 2024-жыл 2-квартал | Жергиликтүү бюджет, инвесторлор | ||||
| 9 | Энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу | Жаз-Кечүү сайына “ЭлИнвестГрупп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 4,6 МВт чакан ГЭС куруу. Болжолдуу баасы 4млн600миң АКШ доллары | Туруктуу калк кубаттуу электр энергиясы менен камсыз болот. | Башкы адис Арапбай у.А. ЭлИнвестГрупп” ЖЧК | 2024-жыл 4-квартал | Жергиликтүү бюджет, инвесторлор | ||||
| IV. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, курчап турган чөйрөнү коргоо. | ||||||||||
| 10 | Айыл чарба тармагын жергиликтүү сапаттуу үрөн менен камсыздоо, пайдаланылбай калган жер аянттарын иштетүү аркылуу азык-түлүктүн дүӊ продукциясын көбөйтүү. | Айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүгө, үрөн, күйүүчү, майлоочу май жана минералдык жер семирткичтер менен камсыздосуна көмөк көрсөтүү. | Жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүлѳт | Айыл чарба адиси | 2024-жыл март-май айлары | Жергиликтүү бюджет, инвесторлор | ||||
| Алыскы жана жакынкы жайыттарды натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө жана калкка шарт түзүү | Жайыттардын деградация-сыналды алуу иштери жакшыртылат | Айыл чарба адиси, жайыт комитети | 2024-жыл ичинде | Жергиликтуу бюджет | ||||||
| 11 | Айылдардын ветеринардык жана эпизоотиялык абалын жакшыртуу | Сибир жарасынын очогун жылына эки залалсыздандыруу | Калктын саламаттыктыгынын коопсуздугу сакталат | Айыл чарба адиси жана веттехниктер | 2024-жыл ичинде | Жергиликтуу бюджет | ||||
| Ветеринардык сервистердин ишин жандандыруу | Менчик мал жандыктарынын асылдуулугу артат | Айыл чарба адиси жана веттехниктер | 2024-жыл ичинде | Жергиликтуу бюджет | ||||||
| V. Энергетика | ||||||||||
| 12 | Айыл аймагындагы калктуу конуштарды электрлештирүү | Жалал-Абадэлектртармактар ишканасы тарабынан планга киргизилген айылдарга электрмамычаларын орнотуу, чубалгыларын тартуу | Калктуу конуштарга электрлиниялары тартылып, сапаттуу электртогу менен камсыздалат | Ачы ЭТИБ, Айыл башчылары | 2024-жыл ичинде | Жергиликтуу бюджет | ||||
| Калкты электр энергиясы менен камсыздоо. | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл аймагынын айылдарына электр мамычаларын орнотуу жана чубалгыларын тартуу | Калктын жашоо шарты жакшырат | 2024-жыл ичинде | ФЭ Болуму | жергиликтуу бюджет | |||||
| VI. Калкты таза суу менен камсыздоо | ||||||||||
| 13 | Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн АРИС программасынын каржылоосу менен Чарбак, Кызыл-Суу айылдарына жалпы суммасы 123,0 млн.сом акча каражаты менен таза суу системасын ишке берүү | Айыл аймактын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо системаларын реаблитациялоо жана куруу долбоорлорун турмушка ашыруу. | Айылдардын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылынат. | “Арстанбап-Ата таза суу, тазалык” МИ директору | 2024-жыл 2-квартал | АРИС | ||||
| Ооган-Талаа жана Кок-Тонду айылынынын калкын таза суу менен толук камсыздоо | ||||||||||
| Көк-Тондуу айылынынн Т. Артыкбаев көчөсүнө 1300 метр таза суу системасын ишке ашыруу, Ооган-Талаа айылынын таза суу системасын ишке түшүрүү | Айылдардын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылынат. | Орун басары, “Арстанбап-Ата таза суу, тазалык” МИ директору | 2024-жыл 4-квартал | жергиликтуу бюджет | ||||||
| 14 | Көк-Алма айылына таза суу тутүктөрүн тартуу | Көк-Алма айылына таза суу тутүктөрүн тартуу | Айылдардын калкы ичүүчү таза суу менен камсыздалат. | Орун басары, “Арстанбап-Ата таза суу, тазалык” МИ директору | 2024-жыл 4-квартал | жергиликтуу бюджет, райондук өнүктүрүү фонду | ||||
| V. Ирригация системасы. | ||||||||||
| 15 | Ирригация системасында куруу, ремонттоо, калыбына келтирүү иштерин аткаруу. Сугат каналдарын тазалоо | Бардык айылдардагы ички арыктарды тазалоо | Айыл чарба субъектилерин сугат суу менен камсыздалат. | айыл окмотунун орун басары, айыл башчылар | 2024-жыл 1-2 квартал | жергиликтуу бюджет | ||||
| Кара-Ой айылына сугат суу системасын ишке түшүрүү | Айылдардын калкын сугат суу менен камсыз кылынат. | айыл окмотунун орун басары, айыл башчылар | 2024-жыл 1-2 квартал | жергиликтуу бюджет | ||||||
| Ооган-Талаа айылынын сугат суу арыгын реконструкциялоо | Айылдардын калкын сугат суу менен камсыз кылынат | айыл окмотунун орун басары, айыл башчылар | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет, өзүк салым | ||||||
| VI. Жол, транспорт структурасы | ||||||||||
| 16 | Ички жолдордо калыптандыруу иштерин жүргүзүү менен калктын жана автоунаалардын каттамына шарт түзүү. | Жаӊы конуштардын жолдоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен шагал төшөө жана тегиздөө ____миң сом акча каражаты менен шагал төшөө жана тегиздөө | Калктын каттамына шарт түзүлөт | ФЭ Бөлүмү, айыл башчылар | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет | ||||
| 17 | Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо | Көк-Алма айылынын борборуна жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол(тратуар) куруу | Жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүусүнө шарт түзүлөт, жол коопсуздугу камсыздалат | ФЭ Бөлүмү, айыл башчы | 2024-жыл ичинде | Сметасы 5584,9миң сом: респ.бюджет, 3000,0миң сом, жергил.бюджет-2584,9 мин сом | ||||
| 18 | Айыл аймагынын жолдорун асфальттоо | Кок-Тонду айылынын Т.Артыкбаев кочөсунүн 2 км жолун асфальттоо | Айыл аймагында автоунаалардын жол жүрүусү жакшырат. | ФЭ Бөлүмү, айыл башчы | 2024-жыл ичинде | Респ.бюджет, инвестор | ||||
| VII. Архитектура жана курулуш | ||||||||||
| 19 | Калктын социалдык абалын жакшыртуу, соцобъекттерди куруу жана реконструкциялоо | Өз алдынча турак-жай салып жашап жаткан жарандардын турак жай жана жер аянттарын трансформациялоо жана мыйзамдаштыруу | Жарандардын жер тилкелерин мыйзамдаштырууга шарт түзүлѳт | Орун басар, Жер адиси, айыл башчылар | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет | ||||
| Ооган-Талаа айылына Республиканын бюджеттин эсебинен эки кабаттуу Заманбап оорукананын куруулушун аяктоо, имаратты пайдаланууга берүү | Түрдүү ооруларды алдын алуу боюнча шарт түзүлѳт | Орун басар Соц адаси | 2024-жыл 3-квартал | Республикалык бюджет | ||||||
| Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылосу менен А.Шеркулов орто мектебинин жаны имаратын курууну улантуу | Айыл аймагынын калкына билим беруу сапаты жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду | ||||||
| Инвестиция тартуу менен Улачы Кызыл-суу айылына ФАП куруу | Саламаттыкты сактоо ооруларды алдын алуу сапаты жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | АРИС | ||||||
| Республикалык бюджеттин эсебинен Чарбак айылына бала бакча куруу. | Айыл аймагынын калкына мектепке чейинки билим берүү сапаты жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | Капиталдык салым | ||||||
| №36 орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун баштоо | Айыл аймагынын калкына мектепке чейинки билим берүү сапаты жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | Капиталдык салым | ||||||
| №41 орто мектебинин жаны имаратын куруу | Айыл аймагынын калкына мектепке чейинки билим берүү сапаты жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | Капиталдык салым | ||||||
| Арстанбап айылына 100 орунду бала бакчанын курулушун бүтүрүп пайдаланууга берүү | Балдар бакчаларына барган балдардын санынын % жогорулатуу жаш энелердин иштөөсүнө, үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртууга шарт түзүлөт. | 2024-жыл ичинде | Соц адис | Жергиликтүу бюджет Республикалык бюджет | ||||||
| Ооган-Талаа айылына 100 орунду бала бакча куруу үчүн долбоордук сметалык документерин бүтүрүү. | Бала бакча куруу үчүн долбоор даярдалат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | Инвиститция тартуу | ||||||
| VIII.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш-чаралары. | ||||||||||
| 20 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу | Райондун аймагында 2024-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” боюнча бекитилген иш-чаранын негизинде иш алып баруу | 1.Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участкасы Кызыл-Алма сайынын нугу түздөлүп казылат 2. Кызыл-Ункур айылынын сел сайдын нугу түздөлүп тазаланат. | Жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Кайимов | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүу бюджет | ||||
| 21 | Сел жана суу ташкындарынан коргоо | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш алып баруу | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн сел каналдары жана ички арыктар чабылып тазаланат. | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | |||||
| 22 | Кооптуу жайларда жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү боюнча иш чараларды уюштуруу | Кооптуу жайларда жашаган үй-бүлөлөр коопсуз жайларга көчүрүлөт | Кооптуу жайларда жашаган үй-бүлөлөрдүн коопсуздугу камсыздалат | А/О ЖКК жана Эвакуациялык комиссия | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүу бюджет | ||||
| IX.Тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү, “Жашыл мурас” долбоорун ишке ашыруу | ||||||||||
| 23 | Кыргыз Республиккасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү, натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнгүндөгү” ПЖ №305 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында таштандыларды жайгаштыруу полигондун иштөо шартын жакшыртуу. | -Таштандыларды жайгаштыруу полигондун тосмосун оңдоо, дарбазасын орнотуу; -Жарандардын арасында тазалыкты сактоо, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабоо маданиятын калыптандыруу; -КР Бузуулар Кодексинин 115-беренесине ылайык, атайын белгиленбеген жерлерге таштанды таштаган физикалык жана юридикалык жактарга айып пул салуу | Айыл аймагынын санитардык абалды жакшыртуу иштери аткарылат. | Орун басар, соц бөлүм М.И. | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүу бюджет | ||||
| 24 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-р тескемесиннин негизинде “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында иш алып баруу | Айылдарда жана жол бойлоруна көчөт олтургузуу; Арстанбап, Ачы жана Кызыр-Ункур токой чарбаларында көчөт олтургузуу | “Жашыл мурас” долбоору ишке ашырылат, мекеме-ишканаралдын жер аянттарына, жол бойлоруна ________түп көчөт эгилет. Арстанбап, Ачы жана Кызыр-Ункур токой чарбаларында жана Көк-Алма токойчулугунда _____ га аянтка ______ түп көчөт отургузулат. | Орун басар, соц бөлүм, мекеме-ишканалардын жетекчилери | 2024-жыл 1-2-квартал | Жергиликтүу бюджет Республикалык бюджет(токой чарба) | ||||
| Х. Социалдык жактан өнүгүү, жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү | ||||||||||
| 25 | Калктын жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү, калкты социалдык жактан коргоонун деңгээлин жогорулатуу | Аз камсыз болгон, өтө жакыр жашаган үй- бүлөөлөргө кайрылууларына ылайык жакындан жардам көрсөтүү | Элдин жашоо шарты жакшырат. | Айыл чарба адиси жана соц бөлүм | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүу бюджет | ||||
| Социалдык женилдиктерди жана жөлөк пулдарды өз мезгилинде берүү чараларын көрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге, кароосуз жана багуусуз калган балдарга, багуусуз улгайган карыларга иш-чараларга материалдык жардамдарды көрсөтүү | Калктын катмарын, ден соолугунун мүмкүнчү-лүктөрү чектелген адамдарга даректүү жардам көрсөтүлөт. Алардын турмуш-шарты жакшырат. | Соц адиси | Ар дайым | Жергиликтүу бюджет | ||||||
| 26 | Аз камсыз болгон үй-бүлөөгө “үй-бүлөөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулдун даректүүлүгүн жогорулатуу | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртуу | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн экономикалык абалын жакшырат | Соц бөлүм, айыл башчылар | Ар дайым | |||||
| 27 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөолөргө жана тоголок жетим балдарга кам көрүү | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөолөргө жана тоголок жетим балдарга материалдык жардам көрсөтүү | Калктын аярлуу катмарынын жашоо шартына көмөк көрсөтүлөт | Соц бөлүм, айыл башчылар | Ар дайым | Жергиликтүу бюджет | ||||
| XI. Аймакты санариптештирүү багыты | ||||||||||
| 28 | Арстанбап-Ата айыл аймагынын калкын “Санарип аймак” АМС толук киргизүү , “Тундук” тиркемеси менен иштоону жайылтуу | Айыл аймагынын калкын санариптештирүү, санариптик документтер менен иштоону колго алуу. | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүлөрдүн сапаты жакшырат | Соц бөлүм, жооптуу кызматкерлер, айыл башчылар | 2024-жыл ичинде | Жергиликтүу бюджет | ||||
| 29 | Арстанбап-Ата айыл ѳкмѳтүнүн Инфодокс документтердин электрондук жүгүртүү системасын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу | Айыл ѳкмѳтүнүн Инфодокс документтердин электрондук жүгүртүү системасын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу, бардык кызматкерлерди системага туташтыруу | Документ алмашуу системасы жакшырат | Жооптуу катчы | 2024- жыл 1-2-квартал | Жергиликтүу бюджет | ||||
| 30 | Санариптик маалымат борборун ачуу | Айыл аймагынын калкын санариптештик билимин жогорулатуу. | Айыл аймагынын калкынын санариптешттик билими жогорулайт | Жооптуу катчы | 2024-жыл жыл ичинде | Жергиликтүу бюджет | ||||
| XII. Билим берүү тармагын чындоо | ||||||||||
| 31 | Мектепке чейинки билим беруу мекемелери менен камсыз болуу кѳрсѳткүчүн жогорулатуу | Балдар бакчаларында кошумча тайпаларды ачуу аркылуу балдар бакчаларына барган балдардын санын 3 % га жогорулатуу; | Балдар бакчаларынын саны кобойот, мектепке чейинки жаштагы балдарды бакчага тартууга, жаш энелердин иштөөсүнө,үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртууга шарт түзүлөт. | 2024-жыл ичинде | Соц адис | Жергиликтүу бюджет Республикалык бюджет | ||||
| Арстанбап айылына 100 орунду бала бакчанын курулушун бүтүрүп пайдаланууга берүү | Балдар бакчаларына барган балдардын санынын % жогорулатуу жаш энелердин иштөөсүнө, үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртууга шарт түзүлөт. | 2024-жыл ичинде | Соц адис | Жергиликтүу бюджет Республикалык бюджет | ||||||
| Республикалык бюджеттин эсебинен Чарбак айылына 100 орундуу бала бакча куруу. | Могол айыл аймагынын калкына мектепке чейинки билим беруу сапаты жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси, мектеп директору | 2024-жыл ичинде | Республикалык бюджет | ||||||
| №40 Кимсан балдар бакчасына балдар ойночу аянтча куруу | мектепке чейинки жаштагы балдардын бакчада жүрүү шарттары жакшырат | ФЭ бөлүмү | 2024-жыл ичинде | Инвиститция тартуу (АРИС КАСА100) | ||||||
| Айыл аймагындагы балдар бакчаларына эмерек сатып алуу | мектепке чейинки жаштагы балдардын бакчада жүрүү шарттары жакшырат | ФЭ болүмү | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет | ||||||
| Ооган-Талаа айылына 100 орунду бала бакча куруу куруу үчүн долбоордук симеталык документерин бүтүрүү. | Бала бакча куруу үчүн долбоор даярдалат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | Инвиститция тартуу | ||||||
| 32 | Мектепке окуучуларынын сапаттуу билим алуусун камсыздоо | Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылосу менен 49,106 млн сом Чкалов айылынындагы №28 орто мектебинин жаны имараты-нын курулушун аяктоо | Айыл аймагынын калкына билим беруу сапаты жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду Учурда 21 млн сомдук жумуш аткарылган | ||||
| Кызыл-Ункур айылындагы №21 С.Ташиев орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү, электр чубалгыла-рын оңдоо | Окуучуларга жана мугалимдерге шарт түзүлөт | |||||||||
| Кара-Ой айылына мектептин жаңы имаратын курууну улантуу | Кара-Ой айылынын окуучуларынын билим алуусуна шарт түзүлѳт | 2023-2025-жыл ичинде | Капиталдык салымдын эсебинен | |||||||
| Айыл аймагынданы №17 №16 мектептеринин жылытуу системасын “акылдуу меш”ке алмаштыруу | Мектеп окуучуларына жылуулук шарттар түзөлөт | 2024-жыл | жергиликтуу бюджет | |||||||
| 33 | Окуучулардын ысык тамак ичүусүнө шарт түзүү | 2024-2025-окуу жылында Кош-Терек айылындагы №57орто мектебин ыссык тамакка өткөрүү | Окуучуларга ыссык тамак берилип, жаш балдардын дене-боюнун туура калыптануусуна өбөлгө түзүлөт. | |||||||
| XIII. Саламаттык сактоо тармагы | ||||||||||
| 34 | Арстанбап айыл аймагынын жана Сузак районунун Кара-Көл айылынын тургундарына сапаттуу медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулушун бүтүрүп пайдаланууга берүү | Арстанбап айыл аймагынын жана Сузак районунун Кара-Көл айылынын тургундарына сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүлөт, жаңы жумуш орундары түзүлөт. | Айыл өкмөтү Могол ФТБ | 2024-жыл 3-квартал | Капиталдык салымдын эсебинен | ||||
| 35 | Калктын саламаттыкты сактоо, ооруларды алдын алуу иш чараларын камсыздоо | Инвестиция тартуу менен Улачы,Кызыл-Суу айылына ФАП куруу | Саламаттыкты сактоо, ооруларды алдын алуу шарттары жакшырат | Муниципалдык менчикти башкаруу адиси | 2024-жыл ичинде | АРИС | ||||
| 36 | “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” КР Мыйзамын ишке ашырууга көмөктөшүү | Милдетүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү | Медициналык камсыздандырылган жарандардын саны көбөйөт | ҮДТ, соцбөлүм | 2024-жыл ичинде | |||||
| XIV. Спорт, маданият жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү | ||||||||||
| 37 | Айыл аймагындагы жаштарды спортко тартуу жана бош убактысын спорт менен өткөрүугө шарт түзүү | Арстанбап айылына кичи футбол аянтчасын пайдаланууга берүү | Айыл аймагындагы жаштардын спорт менен алектенүусүнө шарт түзүлөт | Орун басар, жаштар комитети | 2024-жыл 2-квартал | жергиликтуу бюджет | ||||
| 38 | Маданият үйлөрүнүн эффективдүү иш жүргүзүүсүнө, сапаттуу системалуу иш алып баруусун камсыз кылуу | Кыргыз мамлекетинин биримдигин, ынтымагын чындаган маданий иш-чараларды өткөрүү | Калктын маданий эстетикалык тарбиясы өсөт. Жаштарды мекенчил-дикке, патриоттук сезим-дерге достукка тарбия-лоого, кылмыштулуктан алыстатууга шарт болот. | Соц бөлүм, маданият кызматкерлери | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет | ||||
| Оооган-Талаа маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү | Маданият үйүнүн эффективдүү иш жүргүзүүсү, сапаттуу системалуу иш алып баруусу камсыздалат | ФЭ Болому | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет | ||||||
| Арстанбап айылындагы маданият үйүнүн олтургучтарын жаңылоо | Маданият үйүнүн эффективдүү иш жүргүзүүсү, сапаттуу системалуу иш алып баруусу камсыздалат | ФЭ Болому | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет | ||||||
| XV.Туризмди өнүктүрүү тармагы | ||||||||||
| 39 | Туризм тармагында кызматташууну жогорулатуу | Туризмди өнүктүрүү жана токойлорду сактоо боюнча “Жаңгак фестивалын” өткөрүү | Туристерди тартуу, экологияны сактоого шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү, Дестинация “Джалал-Абад, токой чарбалар, | 2024-жыл 4-квартал | Инвестиция | ||||
| 40 | Туристтерге жагымдуу шарт түзүү | Айыл аймагында этно жана экотуризмди өнүктүрүү | Туристтерди кызыктыруучу жайлар көбөйөт Туристтерге жагымдуу шарт түзүлөт, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө шарт түзүлөт | Орун басар, Инвестиция тартуу адиси | 2024-жылдын 2-3-кварталы | Инвестиция АРИС (КАСА1000) Өздүк салым | ||||
| Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участкасына 8 боз үй, 10 лыжа, 1квадракоптер алуу | ||||||||||
| Арстанбап айылынын Исламов көчөсүнө 2 “Бешик үй”, 2 боз үй,6палатка, 10 уктоочу кап,10 таштанды таштоочу урналарды алуу | ||||||||||
| Арстанбап айылынын Пансионат участкасына 5 даана “Бешик үй” алуу | ||||||||||
| Гумкана айылынын Пансионат участкасына 2 даана жыгач үй куруу | ||||||||||
| 41 | Гумкана айылына 1 даана “Бешик үй” алуу | |||||||||
| Кышкы туристтик жабдууларды алуу (лыжа) | ||||||||||
| XVI. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана дин тармагы | ||||||||||
| 42 | КР Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндөгү”ПЖ №412 Жарлыгын жана “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү КР Коргоо Кенешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында терроризм, экстремизм жана радикалдашууга каршы күрөшүү жана алдын алуу | -Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремистик, террористик уюмдардын идеологияларын колдогон уюмдарды аныктоого көмөктөшүү, алардын мүчөлөрү тарабынан карапайым калк арасында мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө бөгөт коюу, алдын алуу иштерин жүргүзүү, бул багыт боюнча шектүү адамдар байкалган учурда тийиштүү чараларды көрүү учүн райондук ички иштер бөлүмүнө маалымдоо. -айыл аймагындагы диний мекемелерди (мечиттерди) мамлекеттик каттоодон толук өткөрүүгө жетишүү, көзөмөлгө алуу; | Калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана диний мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт. | Орун басар, жооптуу катчы жана соц болүм, айыл башчылар | 2024-жыл ичинде | жергиликтуу бюджет | ||||
| Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремистик, террористик уюмдардын идеологияларын колдогон уюмдардын жайылуусуна жол бербоо жана алдын алуу максатында мектептер арасында 10-11-класстардын окуучуларына профилакти-калык түшүндүрүү иштерин жүргузүү. Диний фундамен-талисттик экстремисттик сектарларга жана башка диний агымдарга жаштардын тартылуусун алдын алуу, жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, айылдагы молдолор менен иш алып баруу. | Коомдук коопсуздук камсыз болот. | Орун басар, жооптуу катчы жана соц адиси, мектеп директорлору | 2024-жыл ичинде | |||||||
| 43 | Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, суициддин, балдарды эрте эмгекке тартуунун, эрте никеге туруунун, жашы жете электерге карата үй-бүлөолүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана башка терс көрүнүштөргө бөгөт коюу. | Жашы жете электердин кызыкчылыктарын жана психологиясын эске алуу менен билим берүү системасынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен үй-бүлөлүк зомбулуктун, суициддин, эрте никеге туруунун, балдарды эрте эмгекке тартуунун, мектеп рэкетинин алдын алуу иш чараларын аткаруу | Жаш өспүрүмдөр арасында терс көрүнүштөр жана жашы жете электерге карата зордук-зомбулук фактылары азаят. | Орун басар, жооптуу катчы жана соц адиси, мектеп директорлору жана соцпедагогтору | 2024-жыл ичинде | |||||
| XVII. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу | ||||||||||
| 44 | Укук бузуулардын, зордук зомбулуктун жана коррупциянын алдын алуу. | Укук бузуулардын, зордук зомбулуктун жана коррупциянын алдын алуу боюнча иш алып баруу | Укук бузууларды, зордук зомбулуктун жана коррупцияны алдын алууга шарт түзүлөт. | 2024-жыл ичинде | Орун басар, жооптуу катчы жана соц адиси | |||||
| Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысы: | А.Адишов |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 89-р (Об организации и проведении мероприятий по благоустройству и озеленению населенных пунктов)Распоряжение · 03.03.2023 · № 89-р · Утратил силу