# Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 4 "Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 4 "Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 30.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050975>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57913/edition/58568/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 4 "Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (ред. от 30.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050975

---

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 30-январы № 4

“Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө”

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевдин Онбир-Жылга айыл аймагындагы социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-мартындагы №103 “Чүй райондук фондунун” эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган өздүк салымды бөлүүгө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.

2. Чүй райондук өнүктүрүү фондунан жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунан каржыланууга төмөнкү долбоорлор бекитилсин.

• “Прогресс айылына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Онбир-Жылга айылына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Маданият айылындагы Манас өргөө паркына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Кайырма айылындагы бала бакчанын аянтчасына балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Чоң-Жар айылына балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Манипулятор машинасын сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Хово” жүк ташуучу унаасын сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Трактор Эксковатор” сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Айыл аймагындагы социалдык мекемелерге көзөмөл байкоо камераларын сатып алуу орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “ Крематор жабдуусун сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

-Чүй райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу төмөнкү долбоорлор боюнча;

• “Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы мектептин чатырын жабуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом).

• “Айыл өкмөтүнө боз үй сатып алуу “долбооруна 200000 (эки жүз миң сом).

3. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча тиешелүү табыштамалар жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевге жүктөлсүн.

| Төрага | | Н. Анарбаев |

Эскертүү: тиркеме кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде сакталат.
