Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 4
“Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевдин Онбир-Жылга айыл аймагындагы социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-мартындагы №103 “Чүй райондук фондунун” эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган өздүк салымды бөлүүгө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.
2. Чүй райондук өнүктүрүү фондунан жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунан каржыланууга төмөнкү долбоорлор бекитилсин.
• “Прогресс айылына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Онбир-Жылга айылына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Маданият айылындагы Манас өргөө паркына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Кайырма айылындагы бала бакчанын аянтчасына балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Чоң-Жар айылына балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Манипулятор машинасын сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Хово” жүк ташуучу унаасын сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Трактор Эксковатор” сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “Айыл аймагындагы социалдык мекемелерге көзөмөл байкоо камераларын сатып алуу орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
• “ Крематор жабдуусун сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)
-Чүй райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу төмөнкү долбоорлор боюнча;
• “Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы мектептин чатырын жабуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом).
• “Айыл өкмөтүнө боз үй сатып алуу “долбооруна 200000 (эки жүз миң сом).
3. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча тиешелүү табыштамалар жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевге жүктөлсүн.
| Төрага | | Н. Анарбаев |
Эскертүү: тиркеме кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде сакталат.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.