# Терек-Сай айыл аймагынын 2025-жылдын 26-мартындагы №39 " Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан жарым жетим жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын бир жылдык тамак-ашы үчүн төлөнүүчү төлөмүн жергиликтүү бюджеттен төлөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Терек-Сай айыл аймагынын 2025-жылдын 26-мартындагы №39 " Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан жарым жетим жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын бир жылдык тамак-ашы үчүн төлөнүүчү төлөмүн жергиликтүү бюджеттен төлөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 39
- Дата принятия: 26.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050858>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57825/edition/58404/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Терек-Сай айыл аймагынын 2025-жылдын 26-мартындагы №39 " Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан жарым жетим жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын бир жылдык тамак-ашы үчүн төлөнүүчү төлөмүн жергиликтүү бюджеттен төлөө жөнүндө" токтому (ред. от 26.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050858

---

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2025-жылдын 26-мартындагы №39

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан жарым жетим жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын бир жылдык тамак-ашы үчүн төлөнүүчү төлөмүн жергиликтүү бюджеттен төлөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим билим берүү кызматтарынын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу зарылдыгына байланыштуу, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы №371-т тескемесин Терек-Сай айыл өкмөтү аткарууга алуу максатында, айыл аймакка караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги калктын аярлуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын тамактануусу үчүн акы төлөөгө женилдиктерди берүү үчүн тизмеге ылайык чечим чыгарып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исраиловдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы №371-т тескемесин аткарууга алуу максатында Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги калктын аярлуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын тамактануусу үчүн акы төлөөгө женилдиктерди берүү максатында төмөнкү балдар ата-энелер взносунан бошотулсун жана акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.

1. Алмазова Фатима Бекмаматовна – “Ай-нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

2.Алишерова Фатима – “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

3.Пулатова Салиха- “М.Алымкулов” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

4.Данияров Алинур – “Жылдызча” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

5.Даниярова Алина – “Сумсар” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

6.Апсаламова Даткайым – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

7.Парпиев Ариет Муродбекович – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

8.Туйчиева Асия – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

| Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж |
