# Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 2-июлдагы № 113 "Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер тилкелерин түзүү жөнүндө айылдык кеӊештин 2026-жылдын 20- февралындагы №99 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 2-июлдагы № 113 "Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер тилкелерин түзүү жөнүндө айылдык кеӊештин 2026-жылдын 20- февралындагы №99 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 113
- Дата принятия: 02.07.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.06.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050796>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57781/edition/58334/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.06.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 2-июлдагы № 113 "Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер тилкелерин түзүү жөнүндө айылдык кеӊештин 2026-жылдын 20- февралындагы №99 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.06.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050796

---

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 2-июлу №113

Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер тилкелерин түзүү жөнүндө айылдык кеӊештин 2026-жылдын 20- февралындагы №99 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси Исроилов К.Т. кызматтан бошогондугуна байланыштуу, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:

1. Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊешинин 2026-жылдын 20-февралындагы №99 Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер комиссиясын түзүү жөнүндө токтому менен бекитилген комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилсин.

2. Эмгек ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу, айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 2- июлундагы №44 тескемесинин негизинде Исроилов К.Т. жер комиссиясынын курамынан чыгарылсын.

3. Жер комиссиясынын курамына жер маселелери боюнча адис Жалалидинов Амангелди Абылкасымович киргизилсин.

4. Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊешинин 2026-жылдын 20-февралындагы №99 токтомунун калган пункттары өзгөртүүсүз калтырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер, агрардык маселелер, архитектура, муниципалдык менчик, жолдор, суу менен камсыздоо (таза жана сугат суу) жана коммуналдык чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Төрага | | Акматказиев М.А. |
