Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер тилкелерин түзүү жөнүндө айылдык кеӊештин 2026-жылдын 20- февралындагы №99 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 2-июлу №113
Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер тилкелерин түзүү жөнүндө айылдык кеӊештин 2026-жылдын 20- февралындагы №99 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси Исроилов К.Т. кызматтан бошогондугуна байланыштуу, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊешинин 2026-жылдын 20-февралындагы №99 Мамлекеттик айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн жер комиссиясын түзүү жөнүндө токтому менен бекитилген комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилсин.
2. Эмгек ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу, айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 2- июлундагы №44 тескемесинин негизинде Исроилов К.Т. жер комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. Жер комиссиясынын курамына жер маселелери боюнча адис Жалалидинов Амангелди Абылкасымович киргизилсин.
4. Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊешинин 2026-жылдын 20-февралындагы №99 токтомунун калган пункттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер, агрардык маселелер, архитектура, муниципалдык менчик, жолдор, суу менен камсыздоо (таза жана сугат суу) жана коммуналдык чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | | Акматказиев М.А. |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.