# Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы № 106 "Коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти чыӊдоо максатында видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн тирөөчтөрдү коюуга жер тилкелерин берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы № 106 "Коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти чыӊдоо максатында видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн тирөөчтөрдү коюуга жер тилкелерин берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 106
- Дата принятия: 14.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.05.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050788>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57773/edition/58325/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.05.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы № 106 "Коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти чыӊдоо максатында видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн тирөөчтөрдү коюуга жер тилкелерин берүү жөнүндө" токтому (ред. от 14.05.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050788

---

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 14-майы № 106

Коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти чыӊдоо максатында видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн тирөөчтөрдү коюуга жер тилкелерин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Коопсуз өлкө” долбоорунун “Акылдуу-коопсуз шаар” программасын ишке ашыруунун маселелери жөнүндө Жарлыгын мындан ары өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы №550 токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин линиясы боюнча видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн тирөөчтөрдү коюуга жер тилкелерин берүү жөнүндө Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагы боюнча коопсуздукту камсыз кылуу максатында видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн тирөөчтөрдү коюуга ылайык жер тилкелери акысыз берилсин ( тиркеме №1)

2. Тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайыктуу даярдоо жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичке жүктөлсүн.

3. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.

4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

| Төрага | | Акматказиев М.А. |
