Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Айры - Там айылдык кеңешинин “Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө” токтому
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги I I сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №2/13
“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу үчүн каралган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы №178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын эске алуу менен, Айры-Там айыл аймагында кубаттуулугу 150МВт болгон күн электр энергиясын куруу үчүн Совет-Сай Кара-Уңкүр жолунун батыш тарабында жайганкан аянты 204 гектар жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерине ылайык, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезексиз II сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айры-Там айыл аймагында кубаттуулугу 150МВт болгон күн электр энергиясын куруу үчүн Совет-Сай Кара-Уңкүр жолунун батыш тарабында жайганкан, аянты 204 (эки жүз төрт) гектар жер тилкесин трансформациялоого макулдук берилсин.
Жер тилкесинин чек аралары жана категориясы тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мыйзам чегинде аныкталсын.
Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине мамлекеттик органдар менен биргеликте жер тилкесин трансформациялоо боюнча документтерди даярдоо, инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мыйзам талаптарын камсыз кылуу, экологиялык, архитектуралык жана курулуш талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө жагы тапшырылсын.
Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер, жер, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
| Төрага: | М.Кулуев |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 24 июля 2023 года УП № 178 "О чрезвычайной ситуации в энергетической отрасли Кыргызской Республики"Указ · 24.07.2023 · № 178
- Указ Президента Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года УП № 62 "О вопросах передачи земель, предназначенных для использования возобновляемых источников энергии"Указ · 23.03.2023 · № 62