# Манас шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы №1 «Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-ж. кезектеги XXIII сессиясынын №3-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ » токтому

- Полное наименование: Манас шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы №1 «Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-ж. кезектеги XXIII сессиясынын №3-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ » токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 28.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.05.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050638>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57658/edition/58173/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.05.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Манас шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы №1 «Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-ж. кезектеги XXIII сессиясынын №3-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ » токтому (ред. от 28.05.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050638

---

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш кезектеги XXVI сессия

2026-жылдын 28-майындагы №1

«Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-ж. кезектеги XXIII сессиясынын №3-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ »

«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесин жетекчиликке алып, Манас шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 19-майындагы чыг.№01-18/3116 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Манас шаарынын 2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кошумча түшкөн каражаттарын шаардын бөлөк муктаждыктарына жылдыруу (өзгөртүү) №2 тиркемеге (бюджеттик каражаттар), №2а тиркемеге (атайын төлөм каражаттар) ылайык бекитилсин.

3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган мекеме-ишканаларынын айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары оңдолуп, №3, №4, №5 тиркемелерге ылайык бекитилсин жана 2026-жылдын 1-июнунан тартып төлөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын атайын эсептен каржыланган кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы төлөө шарттары №6 тиркемеге ылайык бекитилсин жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып төлөө жагы мекеменин жетекчисине жүктөлсүн.

5.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

7.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

| Төрага | Талант у. А. |
