# Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 14/109 "Атайын техниканын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 14/109 "Атайын техниканын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14/109
- Дата принятия: 30.06.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.06.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050597>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57632/edition/58136/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.06.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 14/109 "Атайын техниканын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 30.06.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050597

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 14/109 Атайын техниканын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, ошондой эле муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдаланууну, атайын техникалардын эксплуатациялык чыгымдарын жабууну жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансындагы атайын техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Гавриловка айыл өкмөтү

- бекитилген тарифтердин негизинде атайын техникалар аркылуу кызмат көрсөтүүнү уюштурсун;

-көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдүн жергиликтүү бюджетке өз убагында түшүүсүн камсыз кылсын; -техникаларды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылсын.

3. Финансы маселелери боюнча жооптуу кызматкер көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттардын өз убагында эсепке алынышын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын Гавриловка айылдык аймагынын МИ көрктөндүрүү комбинатынын башчысы Шамуза Рашид Мухамеевичке жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document\_more/?id=131 расмий сайтында жарыяланды

| Төрага | Б.М.Мамыркулов |
