# Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №23 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №23 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23
- Дата принятия: 04.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050510>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79211/edition/58028/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №23 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 04.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050510

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кетмен – Дөбө айылдыккенешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2025-жылдын 4-февралындагы №23

“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19- декабрындагы №772 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” токтомдун 5, 6-пунктарына ылайык аткарылышы боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Жобосунун 2 пунктунун 2.1. бөлүмүнө ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин

| Төрага | А.С.Алишеров |
