# Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 26-мартындагы №50 "Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгаруу жөнүндө." токтому

- Полное наименование: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 26-мартындагы №50 "Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгаруу жөнүндө." токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 50
- Дата принятия: 26.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050401>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79187/edition/57902/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 26-мартындагы №50 "Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгаруу жөнүндө." токтому (ред. от 26.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050401

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 26-мартындагы №50

Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгаруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген ,, Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык), Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы №3 протоколдук чечими жана Беш-Тал калктуу конушунун тургундарынын 2025-жылдын 05-мартындагы чогулушунун №1 протколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы №3 протоколдук чечими жана Беш-Тал калктуу конушунун тургундарынын 2025-жылдын 05-мартындагы №1 протоколдук чечими колдоого алынсын.

Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө оруктун жана эмгектин ардагери ,, Эл агартуунун отличниги” Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө оруктун жана эмгектин ардагери, Эл агартуунун отличниги” Эсенбеков Бекиштин ысымы ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдоо, жазмаларды, белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.

Бул токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

| Төрага | А.С.Алишеров |
