Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын «Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгаруу жөнүндө.» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №50
Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген ,, Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык), Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы №3 протоколдук чечими жана Беш-Тал калктуу конушунун тургундарынын 2025-жылдын 05-мартындагы чогулушунун №1 протколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы №3 протоколдук чечими жана Беш-Тал калктуу конушунун тургундарынын 2025-жылдын 05-мартындагы №1 протоколдук чечими колдоого алынсын.
Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө оруктун жана эмгектин ардагери ,, Эл агартуунун отличниги” Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө оруктун жана эмгектин ардагери, Эл агартуунун отличниги” Эсенбеков Бекиштин ысымы ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдоо, жазмаларды, белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.
Бул токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
| Төрага | А.С.Алишеров |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Утратил силу
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.