Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын «Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 токтомундагы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №48
Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 токтомундагы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын,19-мартындагы №122 токтомунун негизинде, 2024-жылдын 14-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай министри Б.Э.Төрөбаевдин протоколдук тапшырмасын, айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевдин 2025-жылдын 09-мартындагы №01-17-25-431 кайрылуусун, айыл чарба боюнча боюнча комиссиянын маалыматтын жана сунуштарын угуп, Кыргыз Республикасынын ,,Бюджеттик кодексинин” 13-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылынын 19-мартындагы №122 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай министри Б.Э. Төрөбаевдин 2024-жылдын 14-октябрдагы протоколдук тапшырмасы, айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевдин жана айыл чарба комиссиясынын сунушу, маалыматы эске алынсын.
Кетмен-Дөбө айыл аймагы боюнча 2025-жылдын ноябрь айында боло турган айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн болжолдуу чыгымда көрсөтүлгөн 230700 сом акча каражаттын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Б.Т.Багымбаевге сунушталсын.
Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бобушевге тапшырылсын.
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
| Төрага | А.С.Алишеров |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.