# “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суунун нормасын бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суунун нормасын бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 172
- Дата принятия: 02.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.08.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050204>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57454/edition/57684/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.08.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суунун нормасын бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 24.08.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050204

---

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын 15-сессиясынын

ТОКТОМУ “02” 05 2026-ж №172

“Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суунун нормасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-мартындагы №33 “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы №8 Суу кодексине жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы №64 “Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоонун курулуш нормалары” тууралуу ченемдик укуктук актысына ылайык, жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат.

1.“Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суу берүү нормасы каралып чыгып, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Бекитилген ичүүчү суу берүү нормасынын негизинде калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

3.Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көзөмөл жүргүзүү иштери тиешелүү кызматтар тарабынан камсыздалсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.

Төрайым Г.Чыныбаева

Тиркеме №1

Кызыл-Суу жергиликтүү кенешинин

| | “\_\_\_\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_2026ж №\_\_\_\_\_\_токтомуна |

Кызыл-Суу айыл аймак боюнча таза суу менен камсыздоо нормасы

| № | Кызмат пайдалануучулар | Ченөө бирдиги | Суупайдаланнун нормасы (1сутка/литр) |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Калк | 1 адам | 94 |
| 2 | мектептер | 1окуучу | 10 |
| 3 | Бала-бакчалар | 1бала | 20 |
| 4 | ооруканалар | 1 койка | 60 |
| 5 | Поликлиника (ФАП, ГСВ) | 1кызматкер | 60 |
| 6 | Мекемелер | 1кызматкер | 10 |
| 7 | Завод | 1 литр сүт | 4,4 |
| 8 | Пескоблок | 1кыш | 2 |
| 9 | Мейменканалар | 1орун | 117 |
| 10 | Автожуугуч | 1 унаа | 175 |
| 11 | Килем жуугуч | 1 килем | 150 |
| 12 | Чач тарач, салон | 1 кардар | 10 |
| 13 | Фабрика | 1 кызматкер | 25 |
| 14 | дукөндөр | 1 кызматкер | 20 |
| 15 | мончолор | 1 кардар | 132 |
| 16 | Коомдук тамактануу ишканалары | 1 катышуучу | 10 |
| 17 | маданият үйлөрү, китепканалар | 1орун | 3 |
| 18 | ири мүйүздү мал | 1баш | 18 |
| 19 | жылкы | 1баш | 18 |
| 20 | кой -эчки | 1баш | 5 |

МИ “Кызыл-Суу канал” жетекчиси: К.Байделиев
