Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
“Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суунун нормасын бекитүү жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын 15-сессиясынын
ТОКТОМУ “02” 05 2026-ж №172
“Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суунун нормасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-мартындагы №33 “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы №8 Суу кодексине жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы №64 “Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоонун курулуш нормалары” тууралуу ченемдик укуктук актысына ылайык, жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат.
1.“Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суу берүү нормасы каралып чыгып, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген ичүүчү суу берүү нормасынын негизинде калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
3.Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көзөмөл жүргүзүү иштери тиешелүү кызматтар тарабынан камсыздалсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева
Тиркеме №1
Кызыл-Суу жергиликтүү кенешинин
| | “______”________2026ж №______токтомуна |
Кызыл-Суу айыл аймак боюнча таза суу менен камсыздоо нормасы
| № | Кызмат пайдалануучулар | Ченөө бирдиги | Суупайдаланнун нормасы (1сутка/литр) |
| 1 | Калк | 1 адам | 94 |
| 2 | мектептер | 1окуучу | 10 |
| 3 | Бала-бакчалар | 1бала | 20 |
| 4 | ооруканалар | 1 койка | 60 |
| 5 | Поликлиника (ФАП, ГСВ) | 1кызматкер | 60 |
| 6 | Мекемелер | 1кызматкер | 10 |
| 7 | Завод | 1 литр сүт | 4,4 |
| 8 | Пескоблок | 1кыш | 2 |
| 9 | Мейменканалар | 1орун | 117 |
| 10 | Автожуугуч | 1 унаа | 175 |
| 11 | Килем жуугуч | 1 килем | 150 |
| 12 | Чач тарач, салон | 1 кардар | 10 |
| 13 | Фабрика | 1 кызматкер | 25 |
| 14 | дукөндөр | 1 кызматкер | 20 |
| 15 | мончолор | 1 кардар | 132 |
| 16 | Коомдук тамактануу ишканалары | 1 катышуучу | 10 |
| 17 | маданият үйлөрү, китепканалар | 1орун | 3 |
| 18 | ири мүйүздү мал | 1баш | 18 |
| 19 | жылкы | 1баш | 18 |
| 20 | кой -эчки | 1баш | 5 |
МИ “Кызыл-Суу канал” жетекчиси: К.Байделиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Закон «О питьевой воде»Закон · 25.03.1999 · № 33
- Водный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Утратил силу