# Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 57 "Кетмен-дөбө айыл аймагына караштуу көпүрө-башы калктуу конушундагы жаны конушбаев тургуналы атындагы №24 “нур” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 57 "Кетмен-дөбө айыл аймагына караштуу көпүрө-башы калктуу конушундагы жаны конушбаев тургуналы атындагы №24 “нур” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 57
- Дата принятия: 18.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050145>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79163/edition/57615/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 57 "Кетмен-дөбө айыл аймагына караштуу көпүрө-башы калктуу конушундагы жаны конушбаев тургуналы атындагы №24 “нур” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050145

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2025-жылдын 18-июлундагы №57

Кетмен-дөбө айыл аймагына караштуу көпүрө-башы калктуу конушундагы жаны конушбаев тургуналы атындагы №24 “нур” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген”Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу”Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-июлундагы №5 протоколдук чечими, Көпүрө-Башы калктуу конушунда жаңы уюшулуп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмунунда иштей турган жамаатын 2025-жылдын 10-июлундагы№1 токтому,Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылынын жалпы элдик чогулушунун 2025-жылдын 2-июлундагы №11 токтому эске алынсын.

2.Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Көпүрө-Башы калктуу конушундагы жаны уюшулуп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин аты , көп жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген , Акчий-Карасуу айылдык кеңешинин эки жолку депутаты, “В.И.Лениндин 100жылдыгы “Улуу Жеништин 50 жылдыгы”,”Эмгек ардагери медалдарынын ээси маркум Конушбаев Тургуналы атындагы №24 “Нур” ” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп аталсын.

3. Конушбаев Тургуналы атындагы №24 “Нур” ” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү маркум Конушбаев Тургуналынын уул-кыздарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Д.Тургунбаевага тапшырылсын.

5. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

6..Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

| Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Жаныза уулу Нурсултан |
