Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын «Кетмен-дөбө айыл аймагына караштуу көпүрө-башы калктуу конушундагы жаны конушбаев тургуналы атындагы №24 “нур” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ат берүү жөнүндө» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 18-июлундагы №57
Кетмен-дөбө айыл аймагына караштуу көпүрө-башы калктуу конушундагы жаны конушбаев тургуналы атындагы №24 “нур” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген”Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу”Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-июлундагы №5 протоколдук чечими, Көпүрө-Башы калктуу конушунда жаңы уюшулуп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмунунда иштей турган жамаатын 2025-жылдын 10-июлундагы№1 токтому,Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылынын жалпы элдик чогулушунун 2025-жылдын 2-июлундагы №11 токтому эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Көпүрө-Башы калктуу конушундагы жаны уюшулуп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин аты , көп жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген , Акчий-Карасуу айылдык кеңешинин эки жолку депутаты, “В.И.Лениндин 100жылдыгы “Улуу Жеништин 50 жылдыгы”,”Эмгек ардагери медалдарынын ээси маркум Конушбаев Тургуналы атындагы №24 “Нур” ” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп аталсын.
3. Конушбаев Тургуналы атындагы №24 “Нур” ” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү маркум Конушбаев Тургуналынын уул-кыздарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Д.Тургунбаевага тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6..Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
| Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Жаныза уулу Нурсултан |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Утратил силу
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.