# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26/2
- Дата принятия: 14.07.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.07.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049983>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57315/edition/57424/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.07.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө" Токтому (ред. от 14.07.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049983

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVI СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 14-июлу № 26/2

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун талаптарын аткарууну камсыз кылуу, жергиликтүү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында чогултууга көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунда каралган төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылсын.

2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жарандарга ветеринардык жана башка маалымкаттарды берүүдө жарандардын №713 токтомдо каралган төлөмдөр боюнча карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалымдоо жана карыз болгон учурда аны өз ыктыяры менен төлөө сунушталсын.

3.Мыйзамдарга ылайык көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын бузулушуна жол берилбесин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

| Төрага: | Б. Шералиев |
