Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каракол айылындагы Ленин кѳчѳсүнүн аты “Тюлебаев Касмалы” ата деп ѳзгѳртүп атоо жѳнүндѳ токтому
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын “_____ “________№______
Каракол айылындагы Ленин кѳчѳсүнүн аты “Тюлебаев Касмалы” ата деп ѳзгѳртүп атоо жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги кортундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жѳнүндѳ” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34,39 беренесин жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Каракол айыл аймагына караштуу Каракол айылындагы Ленин кѳчѳсүнүн аты “Тюлебаев Касмалы”ата деп ѳзгѳртүлүп аталсын.
2.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.
3.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.