Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык кеңешинин «Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-февралындагы № 1/6
Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Савай айылдык аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр үй бүлөөлөргө төмөнкүдөй материалдык жардам көрсөтүлсүн:
- көзүнөн, жүрөгүнөн жана онкология менен, эхинококког оорусу менен
ооруган адамдарга операция жасатууга жана өтө жакыр үй-бүлөөлөргө- 10 000 сомдон, орто үй-бүлөөлөргө 5 000 сомдон.
- 1-топтогу майып адамдарга кышка көмүр алуу үчүн 2000 сомдон,
- бардык майыптарга дары-дармек үчүн 500 сомдон,
- ДЦП оорусу менен ооруган балдарга материалдык жардам үчүн - 2000 сомдон
- ВИЧ, СПИД оорусу менен ооругандарга материалдык жардам үчүн – 2000 сомдон,
- жасалма тиш коюу үчүн ( баатыр эне, көзүнөн, кулагынан ооругандар) - 1500 сомдон,
- көз айнек алуу үчүн (көзүнөн ооругандарга)- 1000 сомдон,
- угуу аппаратын алуу үчүн ( кулагынан ооругандарга) - 1000 сомдон,
- баатыр энелерге жол акысы үчүн- 600 сомдон,
- кургак учук оорусу менен ооругандарга санаторияга дарыланып келүү үчүн жол акысына- 2000 сомдон,
- кургак учук оорусу менен ооругандарга (материалдык жардам) - 1000 сомдон
- жарым жетимдерге (материалдык жардам)- 1000 сомдон,
- тоголок жетимдерге (материалдык жардам)- 2000 сомдон .
2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБне милдетттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Савай айылдык округунун кенешинин төрагасынын орун басары | | Б.Аматова |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике»Закон · 12.04.2003 · № 71
- Закон «О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике»Закон · 28.07.2008 · № 177