Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык округунун кеӊешинин «Савай айылдык округунун кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы 2021-жылдын 11- майындагы№1Кызыл-Шарк айылы Савай айылдык округунун кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык округунун кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2021-жылдын 11-майындагы № 1
Савай айылдык округунун кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы 2021-жылдын 11- майындагы№1Кызыл-Шарк айылы Савай айылдык округунун кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө Савай айылдык округунун кеңеши озунун иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык карап, талкуулап, Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык округунун кеңеши иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кенеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүүөз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Директорунун 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген "Айылдык округунун кеңешинин типтүү регламенти" күчүн жоготсун.
3. Бекитилген "Савай айылдык округунун кеңешинин типтуу регламенти" www.karasuu el.kg сайтына жарыялансын.
4. Бекитилген "Савай айылдык округунун кеңешинин типтүү регламентин" областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөруу жагы айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
| Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасынын орун басары: | Б.Аматова | |
| «БЕКИТИЛДИ» Савайайылдык округунун Кеңешинин 2021 –жылдын 11-майындагы № 1 Токтому |
Савайайылдык округунун кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
Савайайылдыкокругунун кеңешининтиптүү
РЕГЛАМЕНТИ
1. ЖалпыЖобо
2. Айылдыккеңештиныйгарымукуктары
3. Айылдыккеңештинсессиясы
4.Айылдыккеңештин депутаттарынын сессия учурундагыукуктарыжанамилдеттери
5. Жашыруунжабыкдобушберүүнүуюштуруунунтартиби
6. Айылдыккеңештинтуруктуужанаубактылуукомиссиялары
7.Айылдык кеңештинтуруктуукомиссияларыныныйгарымукуктары
8. Айылдыккеңештинтуруктуукомиссияларынынжыйналыштары
9. Айылдыккеңештинишинуюштуруучулукжактанкамсызкылуу
10. Айылдыккеңештинченемдикукуктукактылары
11. Айылдыккеңештинтөрагасы
12. Айылдыккеңештинтөрагасынын орун басары
13. Айылдыккеңештинжооптуукатчысы.
14. Регламенттибекитүүөзгөртүүтолуктоолордукиргизүүнүнтартиби
15. Айылдыккеңештиныйгарымукуктарынынтоктолушу
1.Жалпы Жобо
1.1. КыргызРеспубликасынын «Жергиликтүүөзалдынчабашкаруужөнүндө» Мыйзамынаылайык, Савайайылдыкокругунунайылдыккеңеши (мынданары-айылдыккеңеш)- Савайайылдыкокругунунайылдыккеңештиндепутаттарынантурган,төртжылдыкмөөнөткөтүзүлгөнжергиликтүүөзалдынчабашкаруунунөкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдыккеңешжалпыгабирдей, теңжанатикешайлооукугунуннегизиндежашыруундобушберүүмененшайлануучудепутаттардантурат. Айылдыккеңештиндепутаттарыншайлоонуөткөрүүнүнтартибимыйзаммененаныкталат.
1.3. Депутаттыныйгарымукуктарынтөмөндөгүлөрдүнкызмат оруну мененайкалыштыруугаболбойт.
1.4. Айылдык кеңештин сандык курамы айылдык кеңешке (шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1-январына карата абал боюнча администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча):
6000ге чейин - 11 депутат; 6001ден 20000ге чейин - 21 депутат; 20001ден жогору - 31 депутат.
(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынынредакциясынаылайык)
1.5. Депутаттык мандат. Жергиликтүү кеңештин депутаты катталгандан кийин ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылат.
1.6Кызыкчылыктардынкагылышуусу
Жергиликтүүкеңештин депутаты кеңештинсессияларында же туруктуукомиссиялардын же жергиликтүүкеңештарабынантүзүлгөн башка органдардынжыйналыштарындажекекызыкчылыгын, башкачаайткандаөзү, анынжубайы, ата-энеси, балдары, биртуугандарыжанаэже, карындаш-сиңдилериүчүнматериалдыкпайданыкөздөгөнмаселени (жергиликтүүөзалдынчабашкаруунун аткаруугаорганынын башчысыншайлооготиешелүүмаселелердентышкары) кароогокатышуугажанадобушберүүгөтийишэмес. (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынынредакциясынаылайык)
1.7 Айылдык кеңешеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Савай айылдык кеңешинин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана Мыйзамга ылайык токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Айылдык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү, ошондой эле Мыйзамдын 39-беренесинде белгиленген жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурларда токтотот. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1.8Айылдыккенештинмамлекеттикбийликоргандарымененөз ара мамилелери
1.9. Айылдык кенеш өзүнүн иши, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушулрегламентинин негизинде жүргүзүлөт.
1.10. Айылдык кенештин регламенти айылдык кенештин иштерин уюштуруу
тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жанаубактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
2. Айылдык Кенештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерге ылайык төмөндөгү маселелердикарайт жана токтом кабыл алат.
2.2 жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2.3 жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондойэле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордунпайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
2.4 аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдыкжактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын кантролдоо;
2.5 жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондойэле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнчаставкаларды аныктоо;
2.6 жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээликкылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктинобьектилеринменчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо муниципалдыкменчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
2.7 жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндөотчетту угуу;
2.8мыйзамдардабелгиленгенучурлар дедепутаттардыныйгарымукуктарын
Мөөнөтүнөнмурдатоктотуу;
2.9. жергиликтүүжамааттынуставынбекитүү;
2.10тиешелүүмамлекеттикбийликоргандарынакиргизүүмаксатында
администрациялык-аймактыктүзүлүшбоюнчасунуштардыиштепчыгуу;
2.11.кенештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынанбошотуу, кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
2.12.кенештинрегламентинкабылалуу;
2.13.өзчечимдерининаткарылышынаконтролдуккылуу;
2.14.өкмөттарабынананыкталуучутиптүүченемдердиннегизиндежергиликтүүөзалдынчабашкаруунунаткарууорганынынштаттык сан-эсебинжанатүзүмүнбекитүү;
2.15.муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричиликташтандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүнтарифтерди бекитүү;
2.16.алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдардыөткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
2.17.иригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүнтартибин аныктоо;
2.18.жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык башка маселелерди чечүү;
2.19.Айылдык кенештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелерчечилет;
2.20.айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2.21.ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестикбилдирүү;
2.22.тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айылаймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактынбонитетинин балдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлердипайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
2.23. айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүүфонддорун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
2.24Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
Айылдык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү, ошондой эле ушул Мыйзамдын 39-беренесинде белгиленген жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурларда токтотот. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3.Айылдык кеңештин сессиясы
3.1. Айылдык кеңештин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү ушул регламент менен аныкталат.
3.2. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Айылдык кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
3.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү айылдык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4. Айылдык кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5. Айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3.6. Айылдык кенештин сессиялары коомчулук үчүн ачык.Ар бир жаран айылдык
кенеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар. Айылдык кенеш, эгерде каралуучу маселелер мыйзамдарга ылайык мамлекеттиксырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.Айылдык кенеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга киришиүчүн баардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуужергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
3.7.Кенештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жанасессия өтүүчү жай тууралуу 3 күндөн кечиктирбей кенештин депутаттарынабилдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдундолбоору кенештин депутаттарына 2 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.8.Кеңештин кезексиз сессиясы кеңештин төрагасы, кеңештин туруктуу
комиссиялары же кеңештинжалпыдепутаттарынын 1/3 бөлүгүнүнсунушумененчакырылат.
3.9. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу түрүндөкарала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгытууралуу кеңештин төрагасына берилет.
3.10.Иш-план боюнча кеңештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилгенжооптуу адамдар даярдайт.Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнчамаселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.11.КенештинчечимимененКенештинкомпетенциясынакиргенмаселелерди
даярдооүчүндепутаттардан, адистерден, коомдукуюмдарданжанаалардын өкүлдөрүнөнтурганжумушчу топ түзүлүшүмүмкүн.
3.12.Кезектегисессиянынкүнтартибиндеги сунушталганмаселелербоюнча
материалдар (чечимдердиндолбоорлору, маалымдамалар, кайрылууларж.б.) сессияболгонгочейинүчкүндөнкечиктирилбейкенештинжооптуукатчысынажазуутүрүндөберилишикерек.
4. АйылдыкКенештиндепутаттардын сессияучурундагыукуктарыжанамилдеттери
4.1.Сессиянын жумушчуоргандарыншайлоого, шайлануугажана ал органдарынаөзүнүнталапкерлигинсунуштоого.
4.2. Күнтартибиништөөтартиптерибоюнчасунуштардыберүүгө, анны добушкакойдурууга.
4.3.Сессиянын токтомдорунаөзгөртүүлөрдүжанакошумчалардысунушкылуугажанадобушкакойдурууга.
4.4.Айылдык Кенештинкомпетенциясынакиргенмаселелербоюнчамекеме
Ишканаларжана башка органдардынжетекчилерининотчетторунугуунукүн Тартибинекиргизүүнүсунуштоого.
4.5.Ыйгарым укуктарынаылайыкдепутаттыкизилдөө, текшерүүжүргүзүүүчүн
Сессиянынчечиминчыгаруунусунуштоого.
4.6. Сессиянынрегламентинжанаиштөөтартибинтолуксактоого.
4.7. Депутаттаргасессиянынжумушчуоргандарына, чакырылгандаргасыймамилежасоого( ороймамилежасоого, аброюна шеек келтирүүгөжолберилбейт).
4.8. Сессиянынишине активдүүкатышуугажана ар бирталкууланганмаселенинчечилишинеөзүнүнжекечепикиринсактооменендобушберүүгө.
5.Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
5.1. АйылдыкКенештин 1-сессиясынын чечимимененжашыруундобуш
Берүүнүуюштуруужанаөткөрүүбоюнча саны 3 депутаттантурганэсептөө Комиссиясытүзүлөт.
5.2. Эсептөөкомиссиясыөзчогулушунда, мүчөлөрүнөишбөлүштүрөт(төрагасын,мүчөлөрүнбекитет), добушберүүбюллетенинин, добуштардыберүү ящигинжанабөлмөлөрдүжабыкдобушберүүнүжүргүзүүгөдаярдайт.
5.3. Сессиягакатышыпжаткандепутаттардынтизмесинтактап, ар бирдепутаттынөз-өзүнчөдобушберүүсүн камсызкылат. Эсептөөкомиссиясытарабынанжашыруундобушберүүнүнэрежелеринтолуксактоого милдеттүү. Добушберүүнүбаштоонуналдында, эсептөөкомиссиясыдобушберүүнүнтартибименендепутаттардытааныштырат.
5.4. Айылдык кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттиктартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендердиэсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
5.5. Бюллетенге талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорт же өздүкдокументи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
5.6. Ар бир кандидатуралар боюнча « Колдогону», «Каршы» болгону жана «бузулган»бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтомутүзүлүп, сессида бекитилет.
5.7. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат.
Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
5.8. Сессияга катышкан депутаттардын эн көп добушуна ээ болгон талапкер Айылдыккеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланат.ө
6. Айылдыккеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
6.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.3. Туруктуу комиссиялар депутаттык топтордун чечими боюнча тиешелүү айылдык кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
6.4.Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
6.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, аны тиешелүү комиссияга көрсөткөн депутаттык топтун сунушу боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
6.7.Айылдык кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши Мыйзам, айылдык кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
6.8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.9. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
6.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6.11. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын иш-аракетинин үзүрдүүлүгүн жана натыйжалуулугун ачыктоо максатында аларга мониторинг жүргүзөт жана баа берет.
Туруктуу комиссиялар ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу. (КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7.Айылдык кеңештинтуруктуукомиссияларыныныйгарымукуктары
7.1 Кеңештинкароосунакиргизилүүчүэкономикалык, социалдыкжанатиешелүүулуттукмаданийөнүгүүгөбайланышканмаселелердидаярдоогокатышат;
7.2тиешелүүаймактынсоциалдык-маданийжанаөндүрүштүкинфраструктурасынөнүктүрүү, жергиликтүүөзалдынчабашкаруунунэкономикалыкнегизинчыңдообоюнчакеңешкесунуштардыкиргизет.
7.3Савай айыл өкмөтүнүнэкономикалыкжактанөнүктүрүүнүнжанабюджеттинпландарынындолбоорлорун, пландардынаткарылышыжанабюджеттинтолтурулушужөнүндөотчеттордуалдын ала карайт, аларбоюнчаөздөрүнүн сын-пикирлериндаярдайт, зарылчылыктуулса, алардыкеңешкекиргизет.
7.4айылдыккеңештарабынанкабылалынганчечимдердинаткарылышынажанауставдынталаптарынынаткарылышысакталышынаконтролдуишкеашырат;
7.5КыргызРеспубликасынынмыйзамдарыжанатиешелүүкеңештинрегламентиаркылуусунушталган башка ыйгарымукуктардыишкеашырат.
7.6. Айылдыккеңештинтуруктуукомиссияларыөзүнүнкарамагынакиргенмаселелербоюнчажергиликтүүмамлекеттик администрация органдарынынжанажергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынынжанатиешелүүаймактажайгашканишканалардын, мекемелердинжанауюмдардынжетекчилеринжанаадистеринугуугаукуктуу.
8.Айылдык кеңештинтуруктуукомиссияларынынжыйналыштары
8.1. Айылдыккеңештинтуруктуукомиссияларынынжыйналыштарыкомиссиялардынишпланынаылайыкчакырылат.
8.2. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
8.3. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
8.4. Туруктуукомиссиялардынбардыкмүчөлөрүбирдейукуктарданпайдаланышат
9.Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
9.1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтүүгө зарыл материалдарды даярдоо үчүн Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде өзүнүн аппараттарын түзүүгө укуктуу.
9.2. Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын санын эске алуу менен, администрациялык-аймактык бирдиктин айылдык кеңешинин ишин уюштуруучулук камсыз кылуу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- 6000 адамдан аз - тиешелүү айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн аппаратына;
- 6001 адамдан жогору - жергиликтүү кенештин жооптуу катчысына.
9.3. Жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, ал эми жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу айыл өкмөткө жүктөлөт.
(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылай
10. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары
10.1. Айылдык кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча анын чечимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10.2. Айылдык кенештин чечимдери токтом жана тескеме түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы тарабынан, ал эми ал жок болгон учурда - айылдык кеңештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.
10.3. Айылдык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн айылдык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Айылдык кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
10.4. Айылдык кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.
Айылдык кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10.5. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү гана тарабынан кабыл алынат.
Айылдык кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартыл күчүнө кирет.
10.6. Айылдык кеңеш шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн жергиликтүү кеңештин кайрылуусун жана билдирүүсүн кабыл алууга укуктуу.
10.7. Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
10.8. Айылдык кеңештин чечимдери айыл өкмөтүнүн ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11. Айылдык кеңештин төрагасы
11.1.Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти айылдык кеңештин депутаты же депутаттарынын тобу көрсөтүүгө укуктуу. Депутат же болбосо депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
11.2. Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
11.3. Тиешелүү айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери ушул регламенте аныкталат.
11.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же фракциясынын демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынынүчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
11.5. 20001 адамдан кем эмес калкы бар айылдык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
11.6. Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын саны 20001 адамдан аз администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “ Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде, кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө токтомун негизинде айлык алат.
11.7 жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;
11.8. сессияларга төрагалык кылат;
11.9. жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;
11.10. жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
11.11. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.
(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2018-жылдын 15-февралындагы N 21 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) "Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген статьяга КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
12. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
12.1. Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
12.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
12.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
12.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13. Кеңештин жооптуу катчысы.
13.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “ Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде, кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө токтомунун негизинде бекитилген 1 штаттык кызмат орду.
13.2. Кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттардытийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.
13.3. Айылдык кеңешинин сессиянын протоколун жүргүзөт.Кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
13.4. Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларынкарайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.
13.5. Туруктуужанаубактылуукомиссиялардынишинкоординациялайт.
13.6. Кеңештинукуктукактыларынынжазылышынажанааткарылышынажооптуу.
13.7. Кенешке түшкөн документтердинэсебин жүргүзөт.
13.8. Кеңештинсессиясынаматериалдардыдаярдайт, анны депутаттаргатаркатат.
13.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардынжетекчилерин, коомдукөз алдынчабашкаруууюмдарынынөкүлдөрүжана башка тиешелүүадамдардысессиягакатышуугачакырат.
13.10. Сессиягадепутаттардынкатышуусунунэсебин жүргүзөт.
13.11. Сессиянынтоктомдорунун, чечимдерининдолбоорундаярдайт, кабылалынгантоктомдордутаратуунууюштуратжанабашкафункциялардыаткарат.
13.12. Айылдыккеңештинаппаратынынишинуюштурууменен көзөмөлдөйтжанакоординациялайт.
14. Регламенттибекитүү, өзгөртүүлөрдүжанатолуктоолордукиргизүүтартиби.
14.1. Депутаттартарабынанрегламенткеөзгөртүү, толуктоокиргизүүгөсунушбереалат. Сунуштаратайынтүзүлгөнжумушчутоптокаралат.
14.2. Айылдыккеңештинрегламентиндепутаттардантурганжумушчу топ КыргызРеспубликасынынмыйзамдарынаылайыкиштепчыкканданкийинкенештинсессисындабекитүүгөкоюлуп, сессияга катышкандепутаттардынкөпчүлкдобушумененкабылалынат.
15.Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
15.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
15.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
15.3. тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экисинен кем эмеси менен кабыл алынган чечим боюнча;
15.4. Мыйзамда жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
15.5 тиешелүү айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
15.6Мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда.
15.7 Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
15.8. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт да. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
15.9. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
15.10. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчылары тартышат, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти айыл өкмөттүн башчылары тартышат.
(КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 20, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 10 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (10)
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2020 года № 64 "Об утверждении перечня должностей в айылных кенешах, замещаемых на возмездной основе"Постановление · 05.02.2020 · № 64
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления»Закон · 08.08.2019 · № 115
- Постановление Правительства КР от 4 марта 2020 года № 124 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Постановление · 04.03.2020 · № 124
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 03.08.2012 · № 149
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"»Закон · 30.11.2011 · № 228 · Утратил силу
Показаны 5 из 10. Полный список - в панели ссылок.