# Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 136
- Дата принятия: 08.06.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.08.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049547>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57009/edition/56972/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.08.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө токтому (ред. от 11.08.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049547

---

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН

I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №19 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ

2026-жылдын 08-июну №136

Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү убактылуу Жобосун”, “Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 200-жылдын 24-январындагы №40 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги №296токтомуна ылайык, Оргочор жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

“Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы №40 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги №296 токтомуна ылайык, өндүрүштүк зарылчылыкка биосфералык зонадан чыгарылгандыгы эске алынсын.

Өндүрүшкө пайдаланууга негизги курулуштарга жердин багыты жана өлчөмү менен жалпысынан 264,53 га жер 49 жылга ижарага берүүгө жана төмөндөгү курулуш иштеринин жүрүшүнө макулдук берилсин.

| № | Курулуштардын аталышы | өлчөө бирдиги | саны |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Калдык кени (хвостохранилища) | м2 | 370451 |
| 2 | Административдик турмуш тиричилик комплекси | м2 | 8656 |
| 3 | Топурак катмарынын кампасы (ПРС) | м2 | 15700 |
| 4 | Тундурма көлмө (пруд отстойник) | м2 | 910 |
| 5 | Автоунааларды оңдоочу жай | м2 | 11461 |
| 6 | Кампалар | м2 | 17436 |
| 7 | Алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк аянты | м2 | 12765 |
| 8 | Борбордук электр подстанция | м2 | 3960 |
| 9 | Уулуу заттарды сактоочу кампа | м2 | 2700 |
| 10 | Калыктарды тундуруу бөлүмү (отд. обезвоживан) | м2 | 2458 |
| Жалпы | м2 | 446497 |  |

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жерди которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтерди даярдоого жөнөтүлсүн жана жүргүзөлгөн иштерге көзөмөл кылып иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жусуповго милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология маселелери боюнча, финансы пландо, бюджеттин аткарылышын жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага А.Тыныбеков
