# Атай айыл аймагынын 2026-жылдын 16-мартындагы №22 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн Атай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Атай айыл аймагынын 2026-жылдын 16-мартындагы №22 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн Атай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22
- Дата принятия: 16.03.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.03.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049484>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56960/edition/56910/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.03.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Атай айыл аймагынын 2026-жылдын 16-мартындагы №22 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн Атай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.03.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049484

---

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын

2026-жылдын 16-мартындагы №22

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн Атай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобонун негизинде иш алып баруу үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү боюнча Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атай айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн төмөндөгү түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин:

А.К.Жаныбаев - Атай айыл өкмөтүнүн башчысы;

Э..Нурманбетов - Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси

Н.Мейманбеков - Айылдык кенештин депутаты;

А.Эрмек уулу - Айылдык кеңештин депутаты;

Д. Турдакун уулу - Айылдык кеңештин депутаты;

П.Найманова - жер адис;

Н.Молдалиев -Арал айылынын тургуну;

К.Досматов - Атай айылынын тургуну;

А. Бердибек уулу -Бирдик айылынын айыл башчысы;

Ж.Жөжөбаев - Атай айылынын айыл башчысы;

Ж. Догдурбек уулу - Карл Маркс айылынын айыл башчысы;

2. Тооруктун жүрүшү боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы жер адис П.Наймановага милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.

4. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.

5. Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

| Атай айылдык кеңешинин төрагасы | С. Өскөнбай уулу |
