# Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19
- Дата принятия: 01.09.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.09.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049447>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56936/edition/56871/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.09.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө" токтому (ред. от 01.09.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049447

---

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVIII сессиясы

2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19

Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтомуна ылайык, токойлорду туруктуу башкаруу, биотүрдүүлүктү сактоо максатында Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXVIII сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Тогуз-Торо айыл ѳкмѳтү жана “Кыргыз токой жайгаштыруу” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлгѳн токой жайгаштыруу боюнча мамлекеттик токой жана ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынан сыртта жайгашкан, Тогуз-Торо айыл аймагындагы токойлорду инвентаризациялоо жыйынтыктары 1 жана 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | | Р.Ѳ.Ажыбаев |
