# Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылдын 12-майындагы №4/1 "Айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу үчүнча жер тилкелерин сунуштоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылдын 12-майындагы №4/1 "Айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу үчүнча жер тилкелерин сунуштоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/1
- Дата принятия: 12.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.05.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049397>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56905/edition/56818/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.05.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылдын 12-майындагы №4/1 "Айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу үчүнча жер тилкелерин сунуштоо жөнүндө" токтому (ред. от 12.05.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049397

---

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ

АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын

2026-жылдын 12-майындагы №4/1

Айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу үчүнча жер тилкелерин сунуштоо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун негизинде, 2025-жылдын 15-декабрындагы ПЖ №364 Жарлыгынын 3-пункутуна ылайык, айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Матказыевдин берген маалыматтарын, маалыматын угуп айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 11-майындагы корутундусун жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Балтагулов айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер котегориясына которууга (трасформациялоого) төмөнкү жер аянттары сунушталсын:

Ак-Коргон айылы боюнча жалпы аянты 1,01 га, курулуштун саны-13.

“Мастерская” көчөсүнөн калктуу конуш-0,24 га, Ак-Коргон айылы №99 контурунан калктуу конуш-0,21 га, Ак-Коргон айылы Нурабат 1 көчөсүнөн калктуу конуш 0,08 га, №216 контурунан- 0,24 га, “Эски бак” участогунан-0,24 га.

Баястан айылы боюнча жалпы жер аянты-0,88 га, курулуштун саны-11.

Гагарин көчөсүнөн- 0,08 га, Маслат-Тепа участогу, Жаштык-4 0,08 га, №77 контурунан Р.Абдисаматова көчөсү, калктуу конуш -0,08 га, Кызыл-Кол участкасы №400 контурунан- 0,32 га, С.Рахманкулов көчөсүнөн 0,24 га. Кажар-2 участкасы №307 контуру 0,08га Падек айылы боюнча жалпы жер аянты-0,16 га, курулуштун саны -2 Падек айылы Т.Сатылганов көчөсү- 0,08 га. М.Асанов көчөсү-0,08га Сафед-Булан айылы боюнча жалпы жер аянты-1,36 га, курулуштун саны 17

№90 контурунан 0,16 га, №263 контурунан 0,40 га, Сафед-Булан айылы калктуу конуш 0,16 га, №62 контурунан- 0,40 га, №245 контурунан- 0,24 га.

Жапа-Салды айылы боюнча жалпы жер аянты- 0,50 га, курулуштун саны 5 №2187 контурунан- 0,30 га, №1967 контурунан- 0,10 га, калктуу конуш-0,10 га.

Жалпы айыл өкмөт боюнча-3,91га жер аянтына мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу үчүн сунушталсын.

2.Токтомго тиешелүү документтерин даярдоо жана мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысы П.Касымбековго тапшырылсын.

3.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.

4.Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына белгиленген тартипте жөнөтсүн.

5.Ушул токтом расмий жарыялангандан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Төрага | Т.Хамракулов |
