Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2026-жылдын июль айынын 7си №31/30-5
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2026-жылдын 25-майындагы №01-8/1598 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо Тартибине”, Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишмердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы протоколуна ылайык, токтом кылат:
Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/17-10 токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-“2026-жылдын 1-майдан баштап” деген сөздөр алып салынсын; -“2026-жылдын 1-июлунан баштап” деген сөз менен толукталсын.
Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
2-1.“Чолпон-Ата шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттерди кошууга техникалык шарттарды алууга тариф төмөндөгүдөй бекитилсин: -калк үчүн-3617,81 сом; -башка колдонуучулар үчүн- 7167,91 сом”
Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.М.Молдобеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.