Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Сай айылдык кенешинин «Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай,Көк-Таш жана Миң-Булак айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 19-июну № 47 Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай,Көк-Таш жана Миң-Булак айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын,«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 токтомуна ылайык «2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасын бекитүү жөнүндө токтомунун негизинде,Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош областы боюнча өкүлчүлүгү тарабынан иштелип чыккан жана Ак-Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктуу конуштардын аймактарын тартипке келтирүү жана курулуш иштерин жөнгө салуу максатында, айыл өкмөтүнүн сунушун жана айылдык кеңештин Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба Министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура Департаменти тарабынан иштелип чыккан жана тийиштүү мамлекеттик экспертизалардан өткөн Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай, Көк-Таш жана Миң-Булак айылдарынын «2026–2030-жылдарга башкы планы бекитилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына:
1) Бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын жерлерин максаттуу пайдаланууну жана архитектуралык-курулуш талаптарынын так сакталышын көзөмөлгө алуу;
2) Санариптик тутумга жана жер ресурстарынын карталарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгы, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Тѳрага Ш.Омурова | Н.Бердиев |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.