# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2025 жылдын 19-июнундагы №41 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу" токтому

- Полное наименование: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2025 жылдын 19-июнундагы №41 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 41
- Дата принятия: 19.06.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.06.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048763>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56524/edition/56061/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.06.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2025 жылдын 19-июнундагы №41 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу" токтому (ред. от 19.06.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048763

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

2025-жылдын 19-июнундагы №41

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы №435 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө» жобого ылайык, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» келишимин бекитүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Көкөевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамын жетекчиликке алып,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» келишими бекитилсин.

2. Түзүлгөн келишимдин негизинде каржылануучу финансылык каражаттарды өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Төрага | Г. Маленов |
