# Атай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы №6 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Атай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы №6 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 31.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048448>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56390/edition/55772/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Атай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы №6 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 31.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048448

---

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2025-жылдын 31-январыдагы № 6

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобонун негизинде иш алып баруу үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобонун негизинде Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө иш алып барылсын.

2. Атай айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамы жана регламенти бекитилсин:

Ж. Муса уулу : - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;

Мүчөлөрү:

А.К.Жаныбаев: - Атай айыл өкмөтүнүн башчысы;

А.Эрмек уулу: - айылдык кеңештин депутаты;

Д. Турдакун уулу: - айылдык кеңештин депутаты;

А. Нургазиев: - РАӨБ өкүлү;

П.Найманова: - жер адис;

К.Досматов: - Атай айылынын тургуну;

Н.Молдалиев: - Арал айылынын тургуну;

А. Бердибек уулу: -Бирдик айылынын айыл башчысы;

Ж.Жөжөбаев: - Атай айылынын айыл башчысы;

Ж. Догдурбек уулу: - Карл Маркс айылынын айыл башчысы;

3. Тооруктун жүрүшү боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы жер адис П.Наймановага милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

| Атай айылдык кеңешинин төрагасы | С. Өскөнбай уулу |
