# Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-ноябрындагы №12/4 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунунб Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ" Токтому

- Полное наименование: Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-ноябрындагы №12/4 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунунб Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/4
- Дата принятия: 03.11.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.11.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048122>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79113/edition/55379/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.11.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-ноябрындагы №12/4 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунунб Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ" Токтому (ред. от 03.11.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048122

---

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН X КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 3-ноябры № 12/4

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунунб Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунун Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча берилген сунуштар жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эделвейс” муниципиалдык ишканасында 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде жазма буйрук боюнча айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.Жан-Булак айыл аймагынын мекемелеринде жана А. Жутакеев орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген «Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын» талаптары так сакталсын.

2.Жергиликтүү бюджеттен алынып берилип жаткан товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланууда, сактоодо, ошондой эле күйүүчү заттарды (таш кѳмүр) колдонууда атайын берилген норманын чегинде иш алып барылсын.

3. КР МК 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү” тартибинин талаптары так сакталсын.

4. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптары так сакталсын.

5. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эделвейс” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.

| Төрага | | А. Өзгөрүшова |
