# Ак-Суу айылдык кенешинин 2026-жылдын 26-январындагы №70 "“Акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө ” токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2026-жылдын 26-январындагы №70 "“Акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө ” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 70
- Дата принятия: 26.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048059>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56268/edition/55315/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2026-жылдын 26-январындагы №70 "“Акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө ” токтому (ред. от 26.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048059

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X-сессиясы

2026-жылдын 26-январы № 70 “Акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.

Кыргыз Республикасынын 20217-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү”Мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнундө”Жарлыгы, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИОнун ишин уюштуруу жөнундөгү” Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2022-жылдын 27-январындагы №62 буйругунун талаптарын ылайык зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн соц адиси Н.Баврайимованын жана айылдык кеңешинин экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн соц адиси Н.Баврайимованын билдирүүсү көңүлгө

алынсын .

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2026жылга бюджетинен ;

а) жарым жетим,18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга жана балдарга карата

зомбулуктун алдын алуу максатында спорттук оюндарды уюштуруу үчүн 25 000 сом өлчөмүндө.

б) карыяларга камкордук көрүү максатында 21 000 сом өлчөмүндө.

в) ден-соолугунун мүмкүнчулүгү чектелген жарандарга жардамдашуу акциясынна

20 000 сом өлчөмүндө.

г) айыл аймактын кыз-келиндер ортосунда спорттук иш чараларына 28 000 сом

өлчөмүндө.

д) турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн 14 000 сом өлчөмүндө.

Жалпы 80 000(сексен миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3. Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына

жарыялансын.

4.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун

көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7.Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге,көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Төрага | А. Саматов |
