# Н.Исанов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №8-6/1 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө токтом

- Полное наименование: Н.Исанов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №8-6/1 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө токтом
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8-6/1
- Дата принятия: 10.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048035>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56244/edition/55288/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Н.Исанов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №8-6/1 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө токтом (ред. от 10.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048035

---

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин №9 чакырылышынын 8-сессиясынын

ТОКТОМУ

| 2025-жылдын 10-октябры №8-6/1 | Жаңы-Базар айылы |

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөтү 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде кошумча түшкөн акча каражаттарын иштетүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренелеринин негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши карап чыгып токтом кылат:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө жыл ичинде кен байлыктар салыгына, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка кошумча түшкөн кирешелерди планга киргизүү жана лицензия салыгынан кыскартуу №1 тиркемеге негиз макулдук берилсин.

2. Жогорудагы №1 тиркемедеги көрсөтүлгөн кошумча түшкөн кирешеден лицензия салыгы аткарылбай калгандыгы үчүн кыскартып, калган сумманы чыгымдоого айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Респуликасынын Президетинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгына негиз 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба багытындагы жер салыгынан жана транспорт салыгынан бошотулгандыгы үчүн, анын ордуна Респуликалык бюджеттен келген 2550,0 миң сом компенцасияны иштетүүгө № 2 тиркемеге негиз макулдук берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

| Тѳрага: | А.Таирбек уулу |
