# Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 15-июнундагы №35 "Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 15-июнундагы №35 "Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 35
- Дата принятия: 15.06.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.06.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047986>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56210/edition/55234/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.06.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 15-июнундагы №35 "Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому. (ред. от 15.06.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047986

---

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы

2026-жылдын 15-июну № 35

Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.

Таш-Көмүр ГЭСтеринин Каскадынын 2026-жылдын 3-июнундагы №09-1/77 сандуу чыгыш катыны карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы №544 токтому менен бекитилген “2029-жылга чейин «Жашыл экономиканы» өнүктүрүү программасын” колдоо алкагында Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн жер аянтын бөлүп берүү максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Жер айыл аймагынан Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

| Тѳрага | Ж. Мурадилов |
| --- | --- |
|  |  |
