Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кенешинин «Сүлүктү шаарыныын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 25-майы № 01-5/ 69 Сүлүктү шаарыныын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Сүлүктү шаардык кеӊеши 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
Сүлүктү шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин; Шаардык мэрия Сүлүктү шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын; Сүлүктү шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө шаардык кеӊешке отчет берилсин; Бул токтом шаардык кеӊештин жана шаардык мэриянын расмий сайтында жарыялансын; Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлкеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн; Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Б.А.Абдуназаров |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 25.05.2026ж. №01-5/69 токтому менен бекитилген
2026-2030 - ЖЫЛДАРГА СҮЛҮКТҮ ШААРЫНЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
Баткен облусу, Сүлүктү шаары (шаардын аталышы)
| 1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ | |||||||||||||
| Географиялык абал | Сүлүктү шаары Баткен облусунун батыш тарабында Туркестан кырка тоолорунун түндүк капталында жайгашкан. Шаар Лейлек району менен, чыгыштан, батыштан Кулунду айыл аймагы, түштүк-батыштан Раззаков шаары менен, түштүктөн Тогуз-Булак айыл аймагы менен чектешет. Облустук борбордон алыстыгы 150 км. Борбордон алыстыгы 1150 км. Сүлүктү 1968 - жылы негизделген, 1940-жылы шаар статусун алган, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-февралындагы №41 мыйзамына ылайык Баткен облусунун облустук баш ийүүдөгү шаар статусуна ээ. | ||||||||||||
| Жалпы аянты (Га) | 3040,2 га | ||||||||||||
| Ландшафт жана жаратылыш шарттары | Сүлүктү шаары деңиз деңгээлинен 1380 метр (Восточный – 1550 м) бийиктикте жайгашкан. Климат – континенталдуу, кыш мезгили дээрлик 4 айга созулат жана катуу кар менен коштолот, минималдуу төмөнкү температура +8, +10 оС – - 12, -15 оС жетиши мүмкүн. Жай мезгилинде температура +15 оС – 34 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура +28 оС, кышында +3 оС. Жаан-чачындын жылдык көлөмү 1995–2005-жылдар аралыгында орточо 460 мм түзсө, 2015–2025-жылдарда 390 ммге чейин азайган. Абанын нымдуулугу – кышында 60-67 %, жайында – 30-35% түзөт. | ||||||||||||
| Шаардын калкы (адам), аялдардын саны:___________ | Шаардын калкынын саны – 25 638, Анын ичинде: эркектер – 12 623; аялдар – 13 015. | ||||||||||||
| СЭӨПнын максаты | Бул документ Сүлүктү шаарынын экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу, социалдык инфратүзүмдү, калктын жашоо шартын жакшыртуу, анын ичинде азыр жашап жаткан жана келечек муундардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу, муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Шаар аймагында өнөр-жайды өнүктүрүүгө багытталган, инвестиция тартуу аркылуу экономикасы инновациялык ыкмаларды колдонуу менен чакан жана орто бизнес ишканаларды ачууга, жаңы жумуш орундары менен камсыздоого шарттарды түзүү. Социалдык жана коммуналдык инфраструктурасы заманбап талаптарга жана кызмат көрсөтүүлөр калктын бардык катмарына, анын ичинде балдар, жалгыз бой энелер, улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу, жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүүнү камсыздоо. Ошондой эле, калкты таза суу, турак-жай менен камсыздоо, коммуникацияны, билим берүүнү, маданиятты, спортту, саламаттыкты сактоону жана өнүктүрүү, тазалыкты камсыздоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармактарындагы кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жогорку деңгээлге көтөрүү, миграциядагы калктын санын азайтуу, жакырчылыкты төмөндөтүү, калктын турмушунун сапатын жана социалдык мобилдүүлүүктү жогорулатуу, шаар жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана туруктуу шарттарды түзүү. Жергиликтүү коомчулуктун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, муниципалдык менчикти жана жергиликтүү ресурстарды рационалдуу башкаруу, пайдалануу аркылуу алардын абалын жакшыртуу менен шаарды өнүктүрүүгө ар тараптуу шарттарды түзүү,камсыздоо иштери ишке ашат. | ||||||||||||
| 2-БӨЛҮМ. КАЛК | |||||||||||||
| 2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары | |||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
| 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам) | 24511 | 25176 | 25402 | 25544 | 25638 | 25723 | 26024 | 26354 | 27253 | ||||
| Өсүш темпи % | 3,09 | 0,66 | 0,90 | 0,56 | 0,37 | 0,33 | 1,13 | 1,27 | 3,41 | ||||
| анын ичинде аялдар | 12536 | 12536 | 12953 | 12998 | 13015 | ||||||||
| Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам) | 13130 | 13436 | 13763 | ||||||||||
| Өсүш темпи (%) | 1,02 | 1,02 | 1,02 | ||||||||||
| анын ичинде аялдар | 6574 | 6691 | 6834 | ||||||||||
| Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам): | 3255 | 3280 | 3276 | 3585 | 3698 | ||||||||
| Айыл чарба | - | - | - | - | - | ||||||||
| Өнөр жай: | 1789 | 1772 | 1802 | 1609 | 1548 | ||||||||
| Иштетүүчү | 44 | 44 | 44 | 45 | 45 | ||||||||
| Электр энергиясы | 50 | 50 | 50 | 50 | 72 | ||||||||
| Курулуш | 7 | 7 | 7 | 7 | 7 | ||||||||
| Соода | 147 | 147 | 163 | 167 | 165 | ||||||||
| Транспорт жана байланыш | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | ||||||||
| Башка кызматтар | 1454 | 1437 | 1451 | 1243 | 1152 | ||||||||
| Калдыктарды кайра иштетүү | 67 | 67 | 67 | 97 | 87 | ||||||||
| Жумушсуздардын саны (адам): | 1071 | 1379 | 1420 | 826 | 264 | ||||||||
| Өсүш темпи | 135,5 | 146,8 | 85 | 26,5 | 1,00 | ||||||||
| анын ичинде аялдар | 808 | 833 | 465 | 161 | |||||||||
| Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам) | 786 | 757 | 705 | 690 | 200 | ||||||||
| Өсүш темпи | |||||||||||||
| Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам) | 1307 | 981 | 1180 | 747 | 665 | 400 | 400 | 400 | 400 | ||||
| Өсүш темпи (%) | 130,7 | 98,1 | 118 | 74,7 | 66,5 | 0,60 | 0,60 | 0,60 | 0,60 | ||||
| 2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо | |||||||||||||
| Сүлүктү шаарынын калкынын жалпы саны 2026-жылдын 1-январына карата 25 638 адамды түзүп, анын ичинен 13 015 аялдар. Калктын өсүш темпи жылына болжол менен 1.00%ды түзөт, ички жана тышкы миграциянын таасири эске алынган эмес. Калктын саны негизинен табигый өсүш жана азайыш менен жөнгө салынат. 2030-жылга чейин калктын саны 27253 чейин жетет деп күтүлүүдө, бирок ошол эле кезде мамлекеттик өнүктүрүү программалардын алкагында административдик-айматкык реформага ылайык калктын санынын кескин өзгөрүү ыктымалдуулугу бар. 2026-жылы эмгекке жарамдуу калктын саны 13 763 адамды түзүп, бул жалпы калктын 53,6% пайызын түзөт. Иш менен камсыз болгон калктын үлүшү 22% деңгээлинде болуп, эң чоң бөлүгү көмүр өндүрүү өнөр-жай тармагында жумушка орношкон. Жумушсуздардын саны акыркы жылдары азайууда. Эгерде 2022-жылы жумушсуздардын саны 1355адамды түзсө, 2026-жылы 266 адамга кыскарган, мурунку жылдарга салыштырмалуу кыскаруу байкалууда. Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашаган калктын саны акырындык менен азаюуда. 2022-жылы мындай абалда 786 адам болсо, 2026-жылы алардын саны 690га чейин кыскарган. Бул мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги колдоо программаларынын, ошондой эле жумуш орундарын көбөйтүү аракеттеринин натыйжасында келип чыгууда. Ошол эле маалда эмгек миграциясы расмий түрдө азайгандыгы байкалгандыгы менен (2022-жылы 1307 адам миграцияга чыккан болсо, 2026-жылы алардын саны 665 адамды түзгөн), акыркы жылдары популярдуу болгон сезондук миграция Сүлүктү шаарында маанилүү маселе бойдон калууда. Бул көрүнүш иш орундарын көбөйтүү жана калкты туруктуу жумуш менен камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү талап кылат. Ал эмичет элге эмгек миграциясы боюнча кеткендердин саны өзгөрүүсүз (жылына 400чамасында) сакталат. Жумушсуз жарандарга бөлүмдөгү кызматтар, анын ичинде акысыз кыска мөөнөттүү окутуулар, шаар ичиндеги катталган бош жумуш орундары, коомдук акы төлөнүүчү жумуштар боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Катталган жаңы жумуш орундары боюнча каттоодо турган жумушсуз жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга ылайыктуу келген жумуштарга жөнөтүлүүдө. Ал эми, эмгектик потенциалын жогорулатуу максатында аз камсыз болгон жарандар үчүн социалдык контракт ишке ашырылууда. Программанын орто мөөнөттүү мезгилдеги негизги артыкчылыктары: - ишке орношууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу; - шаардын ишканаларында жана уюмдарында болгон бош жумуш орундарынын базасын түзүү жана кеңейтүү; - эмгек рыногунда талап кыланган кесиптер жөнүндө жаштарды кесиптик багыттоо жана маалымдоо. Көйгөйлөр: - Сүлүктү шаарынынын экономикасы көмүр өндүрүү өнөр-жайынан толук көз карандылыгынан улам иш орундарынын туруксуздугу, жаштарды жана эмгекке жарамдуу калкты башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болуусу. Айлык маяналардын аздыгы жана жумуш шарттарынын оордугу да миграцияга турткү берүүдө. - Көпчүлүк мигранттар убактылуу чыгып кетет же кайтып келет, бирок расмий катталбайт, катталгандар боюнча атайын маалымат базасын түзүү мүмкүнчүлүгү жок. Шаарда жумушсуздукту азайтуу жана эмгек ресурстарын эффективдүү пайдалануу максатында комплекстүү чаралар жүргүзүлуүсү абзел. Ишкерлерге шарт түзүү, көмүр өнөр-жайында жаңы технологияларды киргизүүнү, кайра иштетүүнү уюштуруу, жер аянттарын өнөр жай багытына өзгөртүү, трансформациялоо жана жаңы ишканаларды ачууда колдоо көрсөтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү негизги приоритет болуп саналат. Андан сырткары, мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу жумуш орундарын көбөйтүүгө, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүүгө өбөлгө түзөт. 2030-жылга карата иш менен камсыздоо жана жумушсуздукту азайтуу максатында калкты жумуш менен камсыздоо программалары кеңейүүсү күтүлөт. Бул программалар бюджеттик колдоо аркылуу жаштарга ар кандай тренингдер жана билим берүү курстарын камсыз кылуу, үйдө отурган аялдарды бала бакчаларга жана жеңил өнөр-жай, соода-сатык тармагында жумушка тартуу, калкка чакан бизнес ачууга көмөк көрсөтүү аркылуу ар тараптуу өнүгүүгө алып келет. | |||||||||||||
| 3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА | |||||||||||||
| 3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура | |||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
| 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%) | 65 | 68 | 70 | 73 | 75 | 78 | 80 | 81 | 85 | ||||
| Кожолуктарды катуу тиричилик калдыктары (КТК) ташып чыгаруу менен камтуу (%) | 56 | 58 | 61 | 63 | 65 | 66 | 70 | 72 | 75 | ||||
| Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%) | 16,8% | 17% | 17,4% | 19,1% | 20,3% | 23,5% | 25,7% | 28,6% | 30% | ||||
| Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%) | 50% | 52% | 55,7% | 58,3% | 65% | 70% | 75% | 80% | 85% | ||||
| Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам) | 355 | 355 | 359 | 368 | 368 | 420 | 450 | 500 | 550 | ||||
| Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам) | 233 | 242 | 227 | 240 | 250 | 261 | 274 | 281 | 572 | ||||
| Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%) | 29% | 29.3% | 39,6% | 53% | 59% | 66% | 73% | 83% | 90% | ||||
| Балдарды мектептик билим менен камтуу (%) | 99% | 99% | 99% | 99% | 99% | 99,3% | 99,5% | 99,6% | 99,7% | ||||
| Медициналык персонал менен камсыздоо деңгээли (адам) | 1531 | 1531 | 1411 | 1419 | 1438 | 1445 | 1452 | 1465 | 1471 | ||||
| Калктын турак жай менен камсыз болушу (бир тургунга жалпы аянттын кв. м) | - | - | - | - | - | 25 | 30 | 35 | 40 | ||||
| (башка көрсөткүчтөр) | |||||||||||||
| 3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө | |||||||||||||
| ИЧҮҮЧҮ СУУГА ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК: Учурда шаарда ичүүчү таза суу менен камсыздоону “Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасы тишке ашырат, шаар боюнча жалпы 4400дөн ашык кожолук, 18 бюджеттик мекеме жана 67 ишкердик субъекттери жана Лейлек районунун 312 кожолугу суу менен камсыздалат, абоненттердин саны 4153 түзөт. Ишкана 4 атайын техника, 1 кызматтык жеңил унаа менен кызмат көрсөтүп келет. Калк үчүн 1м3 ичүүчү таза суудун баасы 9 сом 85 тыйынды түзөт, ал эми өндүрүштүк ишканаларга, бюджеттик мекемелерге 45 сом 73 тыйын, коммерциялык ишканаларга 60 сом 58 тыйынды түзөт Сүлүктү шаарында калктын 84% таза суу менен камсыздалган. Таза суу Лейлек районунун Тегирменти жайлоосунан узундугу 37-39 км түзгөн 2 суу кууру аркылуу алынып келинет,кыш мезгилинде суунун көлөмү азайган кезде, Ак-Там участкасында жайгашкан 3 скважинадан жер астынын насос менен тартып алынат, 1 скажина Раззаков шаарынын Чимген айылынан алынып келинет. Таза суу түзүмдөрүнүн жалпы узундугу 90 чакырымды түзөт. Саркынды суулардын системасы кээ бир көп кабаттуу (4 жана 2 кабаттуу) үйлөрдө гана туруктуу иштейт, баардык көп кабаттуу үйлөрдө жөнгөрүлгөн эмес. Келечекте калкты таза суу менен зарыл көлөмдө толук кандуу камсыздоону жогорулатуу үчүн Тегирменти жайлоосунан альтернативдик (бир багыттагы көз карандысыз) магистралдык суу куурун куруу, жаңы суу коргонун (водозабор) куруу, эски түтүктөрдү колдонуудан толук чыгаруу, таза сууга болгон төлөмдөрдү толук санариптештирүү жана ар бир дарекке (абонентке) суу эсептегичтерди орнотууну ишке ашыруу пландалууда. Андан сырткары бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы саркынды сууларды жөнгөрүү системасын куруу боюнча долбоордук-сметалык документация даярдалууда, анын алкагында тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каражат бөлүнүп, республикалык бюджеттин эсебинен саркынды сууларды жөнгө салуу системасын куруу аракеттери көрүлүүдө. Негизги приоритеттер: - калкты үзгүлтүксүз жана ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык таза суу менен камсыздоо; - инфраструктураны модернизациялоо, авариялык абалдарды минимумдаштыруу, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана санитардык нормаларды күчөтүү аркылуу калктын ден соолугуна жана жашоо сапатына оң таасир берүү. Көйгөйлөр: - Сүлүктү шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу жана өнөр-жай тармагынын ишкердик субъекттерине керектелүүчү суу менен толук кандуу камсыздоо, альтернативдик магистралдык суу түтүктөрүн куруу, жаңылоо боюнча иш алып баруу; - Таза суу менен камсыздоону башкаруу системасын санариптештирүү; - Саркынды сууларды жөнгө салуу системасын капиталдык ремонттоо, жаңы системаны куруу. КАТУУ ТИРИЧИЛИК КАЛДЫКТАРЫН (КТК) ТАШЫП ЧЫГАРУУ МЕНЕН КАМТУУ: Сүлүктү шаарында катуу тиричилик калдыктарын, шаарда тазалыкты камсыздоо боюнча “Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасы иш алып барат. Таштандыга болгон төлөмгө жүргүзгөн 3325 абонент бар. Учурда Сүлүктү шаары 3 таштанды ташуучу автоунаа, 2 атайын техникасы, 1 ассенизатор менен тейленет. Жыл сайын таштанды ташуу кызматынын сапатын жогорулатуу максатында, анын ичинде атайын техникалар менен камсыздоо аракеттери көрүлүп келет. Сүлүктү шаарынын таштанды таштоочу 1 полигон шаардан сырт жайгашкан, 2025-жылы таштанды полигону тосулган, этап-этабы таштандыны сорттоо жана таштанды полигонун талаптарга ылайык келтирүү аракеттери көрүлүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы менен таштандыны ташып чыгаруу кызматы үчүн төлөмдөрдү накталай эмес ыкмасына өткөрүү жөнгө салынган, кызматтарга болгон жыйымдарды (карыздар) өндүрүү иштери жүрүүдө. Азыркы убакта шаарда таштанды чыгаруу кызматы 65%ды түзөт, шаардын Бөкөнбаев жана Кольцо аймактарын жана башка юридикалык жактар менен келишимдерди түзүлүп, бул көрсөткүчтү 2030-жылы 100% га жеткирүү пландаштырылууда. Көйгөйлөр: - Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн атайын техниканын санын көбөйтүү, автопаркты жаңылоо. - Кызматтар үчүн төлөмдөрдү санариптештирүүнү толук кандуу ишке ашыруу; - Атайын таштанды таштоочу урналарды урналары жанылоо; - Кошумча 1 таштанды полигонун түзүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу; - Таштандыларды ташып чыгарууну башкаруу системасын оптималдаштыруу. ИЧКИ ЖОЛДОР: Сүлүктү шаарынын аймагында 2024-2025-жылдары жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 43,4 млн сомдук көлөмдөгү каражатга ички жолдорго асфальт төшөлгөн, тротуарлар курулган, кээ бир көчөлөргө гравий төгүлүп, жамоо иштерин да камтыган. Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарында жергиликтүү маанидеги автожодун узундугу 41 км түзөт, асфальтталган ички жолдордун пайыздык көрсөткүчү 62,1% түзөт, 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 90% га жеткирүү пландаштырылууда. 2030-жылга карата жолдорду модернизациялоо, шаардын транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, кооптуу участкаларда алдын алуу иштерин жүргүзүү (парапеттерди орнотуу), атайын курулмаларды орнотуу (суу лотоктору), шаарды транспорттук туюктуктан чыгаруу максатында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы жолдорду башкача айтканда – Кош-Булак-Кара-Булак автожолун куруу жана шагыл жолдорду асфальттоо пландалууда. Мындан тышкары, шаардын ички жолдорундагы кыймыл коопсуздугун жогорулатуу - ченемдерге ылайык жол белгилерин орнотуу, жаңылоо, транспорттун жүгүртүүсүн оптималдаштыруу, трнаспорттук агымдагы коопсуздукту камсыздоо боюнча санариптештирүүнү ишке киргизүү аркылуу калктын кыймылын жеңилдетүү приоритеттелет. Көйгөйлөр: 1. Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагынан Лейлек районунун Кара-Булак айылына жол куруу; 2. Сүлүктү шаарындагы темир жолдун ордуна альтернативдик автожол куруу; 3.Сүлүктү-Ходжент (Пролетарск) темир жолунун экономикалык негиздүүлүгүнө анализ жүргүзүү менен кайра иштетүү; 4.Сүлүктү шаарынын аймагындагы ички көчөлөрдү абалына жана калктын жыштыгына жараша шагыл төгүү, асфальттоо иштерин жүргүзүү; ЖАРЫКТАНДЫРУУ: Сүлүктү шаарынын көчөлөрүндө жана коомдук жайларында түнкү убакытта коопсуздукту камсыз кылуу максатында жалпы 2023-2025-жылдар ичинде 1450 метр аралыкка жарык берүүчү чырактар орнотулган. Бул чырактардын жардамы менен шаар тургундарынын жана конокторунун түнкү жүрүш-турушуна ыңгайлуу шарттар түзүлүп, шаарды коопсуз жана жарык кылууга өбөлгө түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарынын тургундарын түнкү жарык менен камсыз кылуу 65% түзөт. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 90% га жеткирүү планы бар. Көйгөйлөр: - Шаардын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруучу каражаттар толук эмес орнотулган; - Орнотулган түнкү жарыктандыруу каражаттарын альтернативдик энергия булагы менен камсыздоо; | |||||||||||||
| БИЛИМ БЕРҮҮ: 2026-жылдын 1-январына карата Сүлүктү шаарында мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелеринин саны 9, мамлекеттик эмес мектептердин саны 2, аларда 4403 окуучу билим алат. Мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелеринде жалпы 309 кызматкерлер эмгектенет. Мамлекеттик жалпы билим берүүчү мекемелердеги орундардын саны – 5387, мамлекеттик эмес мектептерде – 350. Бүгүнкү күндө Н.Кушматов атындагы №9 жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты республикалык бюджеттин эсебинен, ал эми “Сүлүктү -11” талаа көмүр кенин иштетүү боюнча Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимдин талаптарын аткаруунун алкагында И.Бектемиров атындагы №8 жалпы билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери жүрүүдө. Мектепке чейинки 9 билим берүүчү мекемелерде 940 бала тарбияланууда, ал эми 2мамлекеттик эмес мектепке чейин билим берүүчү мекемеде 130 бала бар. Шаарда 1 өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн мекеме бар. Мекемеде 107 бала тарбияланууда, 28 жумушчу эмгектенет. Социалдык абалы боюнча 23 бала жарым жетим, 35 бала майып, 26 бала турмуш шарты оор үй-бүлѳдѳн жана 14 бала жалгыз бой энелердин балдары билим алышууда. Көмөкчү мектеп-интернатында Сүлүктү шаарынан 27 бала, Лейлек районунан 63 бала жана Баткен районунан 17 бала билим тарбия алышууда. Жогорку кесиптик билим берүү уюму – Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү институтундажалпы 110 кызматкер, анын ичинен 56 мугалим эмгектенишет. Уюмдун түзүмүндө 1 жогорку окуу жайы, 2 орто кесиптик билим берүү борбору жана 1 медициналык колледжинен турат. Жогорку окуу жайында 9 кесипке, орто кесиптик билим берүү борборунда 7 кесипке, ал эми медициналык келледжинде 3 кесип боюнча окутулар жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө аталган жогорку окуу жайында жалпы саны 977 стундент билим алууда, ал эми орто кесиптик борборунда жалпы 457 студент билим алууда. Сүлүктү шаарындагы № 73-Кесиптик лицейи-2025-2026- окуу жылына карата жылдык маалыматы. Сүлүктү шаарындагы № 73 кесиптик лицейинде 2025-2026-окуу жылында 191 окуучу кабыл алынган, Азыркы учурда 20 окуучу окуудан четтетилген 171 окуучу билим алууда. Кызматкерлердин жалпы саны 44 түзөт. Көйгөйлөр: -билим берүү мекемелеринин заманбап окутуу куралдары менен камсыздоо; -Билим берүу мекемелеринин китеп фондусун жанылоо; -лабораториялык кабинеттердин толук эместиги жана эмеректердин жетишсиздиги; -билим берүү уюмдарында кадрдык потенциалдык жогорулатуу, жаш адистерге дем берүү системасын өркүндөтүү жана бекемдөө, алардын эмгек шартын жакшыртуу; -Кыргыз Улуттук университетинин Сүлүктү институнун жаңы кампусун куруу. МАДАНИЯТ: Сүлүктү шаарында маданият тармагын шаардык маданият бөлүмү ишке ашырат, бөлүмдүн ишмердүүлүгү КР “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык республикалык бюджеттен каржыланат. Бөлүмдөр жалпы 64 штаттык бирдик каралган, негизги кыматтагылардын саны 35, ал эми кенже кызмат персоналынын саны 29ду түзөт. Бөлүмгө караштуу маданий мекемелер: администрация жана эсепкана, маданият сарайы, борборлоштурулган китепкана, балдар китепканасы, китепкананын филиалы, шаардык балдар искусство мектеби, балдар искусство мектебинин филиалы, тарых музейи. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн материалдык-финансылык каражаттары жана адистештирилген штаттардын санынын аздыгынан маданий иш-чаралды өткөрүүдө, мамлекеттик маданият саясатын шаар аймагында ишке ашырууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгондуктан жергиликтүү ресурстардын да салымы кошулуп келүүдө. Негизги көйгөйлөр: - Эл аспаптар оркестрин ачуу; - кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү; - Маданият бөлүмүнө караштуу Маданият сарайын реконструкциялоо, заманбап каражаттар менен камсыздоо. ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ: Сүлүктү шаарында дене тарбия жана спорт жергиликтүү коомчулуктун социалдык жана маданий өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Башка шаарлар сыяктуу эле, бул тармак калктын ден соолугун чыңдоодо жана жаштардын активдүү жашоо образын калыптандырууда чоң роль ойнойт. Сүлүктү шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт агенттигинин Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт сектору ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Сектордо 2 мамлекеттик кызматчы, секторго караштуу балдар-өспүрүмдөр мектеби бар, мектепте 14 тренер эмгектенип келүүдө. Сектор балдар-өспүрүмдөр мектеби аркылуу спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча 23 секцияда 360 балага спорттук тарбия берип келүүдө.Шаар боюнча мектептердикин кошкондо 4 стадион,9 жабык спорт залдар, 2 кичи футбол аянтачалары бар. Учурдагы абалды талдоо бир нече негизги багыттарды аныктоого мүмкүндүк берет. Биринчиден, акыркы жылдары жаштар арасында дене тарбияга жана спортко болгон кызыгуу кыйла жогорулаганы байкалууда. Бул көрүнүш мамлекеттик колдоо менен катар эле спорттук иш-чараларды, турнирлерди жана чемпионаттарды уюштурган мамлекеттик уюмдар, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү аркылуу да бекемделүүдө. Сергек жашоо образын жайылтуу, фитнес жана ар кандай спорттук секциялардын көбөйүшү калктын кеңири катмарын спортко тартууга шарт түзүүдө. Экинчиден, Сүлүктү шаарындагы спорттук инфраструктура акырындап өнүгүп жатканына карабастан, айрым көйгөйлөр да бар. Жаңы спорт объекттиси курулуп, иштеп жаткан стадионду жана спорт залдарды оңдоо, машыгуу үчүн шарттар жакшыртылды. Ошол эле учурда, көп функционалдуу спорттук комплекстин жетишсиздиги, азыркы шаардык футбол стадион жер көчүү коркунучу бар аймакта жайгашкандыгына байланыштуу жаңы заманбап сыйымдуулугу жогору болгон футбол стадионун куруу маселеси жана аларды каржылоо жагы калктын дене тарбия жана спортко болгон муктаждыктарын толук кандуу чечүү жана шарттарды түзүү менен тармакты өнүктүрүүгө карата чараларды көрүүнү талап кылат. Үчүнчүдөн, позитивдүү өзгөрүүлөр менен катар чечилбеген маселелер да сакталууда. Айрыкча, квалификациялуу машыктыруучулардын жетишсиздиги, өзгөчө аз жайылтылган спорт түрлөрүндө, олуттуу көйгөй бойдон калууда. Бул спортчулардын мелдештерге даярдык деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизет. Мындан тышкары, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө каржылоо жана демөөрчүлөрдү тартуу маселелери мелдештердин масштабын жана катышуучулардын санын чектеп жатат. Айрыкча, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн спорттук иш-чараларды уюштуруу демилгелери кеңейип, спорт тармагында инклюзивдүү чөйрө калыптанып жатканын белгилөөгө болот. Жыйынтыгында, Сүлүктү шаарында дене тарбияга жана спортко болгон кызыгуу туруктуу өсүп жатканы байкалат. Бирок бул тармакты мындан ары ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн инфраструктуралык маселелерди чечүү, кадрдык потенциалды бекемдөө жана каржылоону жакшыртуу зарыл. Приоритеттер: - улуттук спорт түрлөрүн өсүп келе жаткан муун арасында жайылтууда тренерлердин жетишсиздигин жоюу; - калктын дене тарбия жана спортко болгон кызыгуу, суроо-талабын канааттандырууда каржылоо булактарынын системалык негиздерин аныктоо; - заманбап, сыйымдуулугу жогору болгон футбол стадионун куруу боюнча жергиликтүү жана республикалык ресурстарды пайланауу жаатында чараларды көрүү; - секцияларда спорттук шаймандардын, каражаттардын жетишсиздигин чечүүгө карата чараларды көрүү; - калк арасында киберспорттун маанилүүлүгүн, улуттук спорт түрлөрүн жайылтуу, даңазалоо боюнча уюштуруучулук, административдик чараларды көрүп ишке ашыруу. САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО: Сүлүктү шаарынын саламаттык сактоо тармагында жалпы 236 кызматкер, анын 109 орто медициналык кызматкер, анын 23 дарыгерлер эмгектенет, калктын саламаттыгына кам көрүү, медициналык кызматтарды көрсөтүү жалпы 70 керебет койкасы бар Сүлүктү шаардык Жалпы дарыгердик практика борбору тарабынан көрсөтүлүп келүүдө. Борборго 1 ооруукана, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3 фельдшердик-акушердик пунктту, 1 шашылыш тез жардам бөлүмү кирет. Тез жардам кызматы 4 унаа менен иштейт. Шаарда 1 санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмү бар, Дарыканалардын саны – 11. Көйгөйлөрдүн ичинде медициналык кадрлардын кууш багыттагы адистердин жетишсиздиги, заманбап медициналык жабдуулардын жоктугу, имараттардын эскилиги жана капиталдык ремонттун зарылдыгы. Заманбап көп профилдүү шаардык Жалпы дарыгердик практика борборунун №1, 2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 3 кабаттуу имаратын куруу зарылчылыгы бар. Борбордун муниципалдык менчикте турган бир нече имараттарын капиталдык реконструкциялык ремонттон өткөрүп, орнотуу. Жаш кадрларды тартуу боюнча стимулдаштыруу чараларын (турак-жай менен камсыздоо, коммуналдык төлөмдөрдөн бошотуу, “Дарыгердик депозити” программасын колдоо көрсөтүү ж.б.) ишке ашыруу. Электрондук саламаттык сактоо программасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо, | |||||||||||||
| 3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү | |||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | |||||||||||
| Ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу. Канализация, тазалоочу курулмаларды ондоо жана орнотуу | Жалпы узундугу 30 км тузгөн альтернативдик магистралдык көз карандысыз суу түтүүн куруу, суу бөлүштүрүү түйүндөрүн куруу.Таза сууну менен камсыздоо системасын башкарууну оптималдаштыруу. Саркынды сууларды жөнгө салуу системасынын түтүктөрүн капиталдык ремонттоо, жаңыдан орнотуу, тазалоочу курулмаларды куруу жана кошумча жабдууларды орнотуу. | Шаар калкынын ичүүчү таза суу менен камсыз болуусу 90%га жетет, санитардык абал жакшырат. Айлана-чөйрөнүн булганышы азаят, калктын саламаттыгы корголот. | |||||||||||
| Жол инфраструктурасын өнүктүрүү | - Ички жолдорду модернизациялоо, - кооптуу участкаларда парапеттерди орнотуу, - 4 км узундуктагы 7 көчөгө суу лотокторун орнотуу, -Жаңы Кош-Булак-Кара-Булак автожолун куруу. - Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында 10 жерде пешеход өтмөктөрүн уюштуруу, - 100 даана жол белгилерин орнотуу жана алмаштыруу, - 5 даана светофор орнотуу жана аларды электр энергиясына туташтыруу. - 10 даана заманбап аялдамаларды куруу. - Авто каттам интенсивдүүлүгү жогору болгон 10 жерге сырткы видеобайкоо системасын орнотуу. | Шаар ичиндеги жолдордун абалы жакшыртылып, транспорттук жеткиликтүүлүк жогорулайт, экономикалык активдүүлүк артат. Шаар транспорттук туюктан чыгарылып, мультипликативдик эффектке ээ болот. | |||||||||||
| 3.4. Социалдык жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга керектөөлөргө анализ жүргүзүү | |||||||||||||
| Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | ||||||||||
| Өнүгүүсүндө кемчиликтери жаш балдар үчүн кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу | Реабилитациялык борборду имаратын куруу | Реабилитациялык борборду имаратын курулат. Өнүгүүсүндө кемчиликтери бар 18 жашка чейинки жаш балдар үчүн кызмат көрсөтүү борбору курулат, шаарда гана эмес жалпы аймакта өзгөчө мамилени талап кылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттар түзүлөт. 2027-2030-жылдар. | 80,0 млн сом | ||||||||||
| 2. Саркынды сууларды тазалоочу (ОСК) участкасын капиталдык ремонт өткөрүү. | Саркынды сууларды талоочу (ОСК) учаскасында эскилиги жеткен саркынды суу тазалоочу курулуштарды толугу менен калыбына келтирүү, заманбап лаборатория куруу . | Саркынды сууларды толугу менен тазаланып кетирүү жана лаборатория аркылуу тиричилик жана коммуналдык саркынды сууларды үй чарбаларынан жана мамлекеттик мекемелерден органикалык жана бактериялар сыяктуу булгоочу заттарды жок кылыныт | 320,0 млн | ||||||||||
| Ичүүчү таза сууга болгон жеткиликтүүлүктү жогорулатуу | Сүлүктү шаарына жаңы суу линияларын жана суу сактоочу кампаларды куруу Козу-Баглан-Сүлүктү магистралдык суу линиясын куруу | Климаттык озгөрүүлөрдүн фонунда таза сууга болгон жеткиликтүүлүк жогорулап, жаңы магистралдык суу линиясы курулат. 2027-2030-жылдар. | 210 млн сом | ||||||||||
| БАРДЫГЫ | 610 млн | ||||||||||||
| 4-БӨЛҮМ. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ | |||||||||||||
| 4.1. (таблица) Экономикалык өнүгүү (миң сом) | |||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
| 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| Негизги фонддор (юридикалык жактар боюнча, үй чарба секторун эсепке албаганда)- (жылдын аягына карата толук наркы боюнча) | - | - | - | - | |||||||||
| Экономиканын негизги секторлору боюнча товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү көлөмү: | |||||||||||||
| Айыл чарба: | - | - | - | - | - | - | - | - | - | ||||
| Өсүмдүк өстүрүү | - | - | - | - | - | - | - | - | - | ||||
| Мал чарбачылыгы | - | - | - | - | - | - | - | - | - | ||||
| Юридикалык жактардын өнөр жай продукциясынын көлөмү | 598950,9 | 911445,2 | 1332372,0 | 2063204,0 | 21869996,0 | 2318216,0 | 2457309,0 | 2604748,0 | 2761032,0 | ||||
| Өнөр жай кызматтары | 597390,6 | 913759,3 | 1338183 | 2058493 | 2061550,0 | 2062770 | 2064435 | 2065190 | 2066710 | ||||
| Жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү | 303182,5 | 301035 | 305723,9 | 431007,8 | 431125 0 | 431325,0 | 431452,0 | 431518,0 | 431613,0 | ||||
| Курулуш - негизги капиталга колдонулган инвестициялар - ар кандай объектилер боюнча жалпы суммада | 96997296 | 39836200 | 12836846 | 13146845 | 15048955 | 285600000 | 388450000 | 5465800000 | 638901047 | ||||
| Экономикалык иштин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү: | |||||||||||||
| Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо | 391014,9 | 571863,4 | 628418,4 | 1048268,2 | 1048378,5 | 10484512,7 | 10485415,1 | 10486312,6 | 1049783,6 | ||||
| Мейманканалардын жана ресторандардын иши | 4650,0 | 15100,5 | 17010,0 | 17510,0 | 17510,0 | 17528,0 | 17610,0 | 17689,0 | 17712,0 | ||||
| Транспорттук иш-чаралар жана жүктөрдү сактоо | 96952,4 | 105194,7 | 120544 | 138499,6 | 138499,6 | 138612,7 | 138789,02 | 138801,2 | 138832,6 | ||||
| Маалымат жана байланыш | 605,0 | 681,7 | 7433,3 | 9659,3 | 9760,3 | 9785,6 | 9799,6 | 9801,6 | 9836,7 | ||||
| Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу | 25898,1 | 33333,7 | 39438,9 | 55537,6 | 55599,6 | 55657,1 | 55787,3 | 55853,3 | 55941,2 | ||||
| Кыймылсыз мүлк операциялары | 453 | 950 | 8790 | 11660 | 11695 | 11715 | 11795 | 11812 | 11896 | ||||
| Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк | 3861,3 | 6842,0 | 5446,6 | 7368,5 | 7488,5 | 7499,6 | 7512,1 | 7551,6 | 7591,2 | ||||
| Административдик жана көмөкчү иш-чаралар | 506,9 | 710 | 836,1 | 1440,1 | 1442,0 | 1443,0 | 1444,5 | 1445,6 | 1446,9 | ||||
| Билим берүү | 39950,1 | 41607,9 | 45446,1 | 73428,7 | 73615,7 | 73720,6 | 73785,1 | 73815,1 | 73924,3 | ||||
| Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар | 1862,5 | 1981 | 1891,2 | 1818,1 | 1823,6 | 1829,3 | 1832,6 | 1833,1 | 1834,9 | ||||
| Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу | 726,0 | 856,0 | 5400,0 | 285,0 | 288 | 291 | 294 | 296 | 299 | ||||
| Башка тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү | 2496,0 | 2916,0 | 3666,0 | 7668,0 | 7750,0 | 7785,0 | 7810,6 | 7865,0 | 7899,0 | ||||
| Түз инвестициялар: | |||||||||||||
| Айыл чарба | - | - | - | - | - | - | - | - | - | ||||
| Өнөр жай | 12 000,0 | 8 000,0 | 15 000, | 21 000, | 150 000, 0 | 205 000 ,0 | 200 000,0 | 210 000 , | 220000,0 | ||||
| Курулуш | 26 000,0 | 30000,0 | 15000,0 | 165 000 | 170 000 | 172 000 | 175000 | 200000 | 300000 | ||||
| Соода | 4000,0 | 4200,0 | 4600,0 | 4800,0 | 5000,0 | 5300,0 | 5600,0 | 5800,0 | 6000,0 | ||||
| Транспорт жана байланыш | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Башка кызматтар | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Калдыктарды кайра иштетүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Калктын кирешеси: | |||||||||||||
| Орточо номиналдык эмгек акы | 17850,9 | 19257,3 | 24210,3 | 33476,8 | 40513,5 | 40678,0 | 40785,6 | 40895,6 | 40965,3 | ||||
| Эмгек мигранттарынын которуулары | 175963 | 179520 | 180922 | 180516 | 188915 | 195562 | 200596 | 203689 | 209856 | ||||
| Пенсиялардын орточо өлчөмү | 9856 | 10236 | 10563 | 11123 | 12356 | 13523 | 14963 | 15632 | 16953 | ||||
| Жөлөкпулдардын орточо өлчөмү | 7030 | 7301 | 7540 | 7838 | 7940 | 8150 | 8353 | 8569 | 8863 | ||||
| Чакан жана орто бизнестен түшкөн кирешенин орточо өлчөмү | 35544 | 36084 | 39518 | 40491,3 | 40610,2 | 40689,6 | 40715,6 | 40785,1 | 40813,6 | ||||
| 4.2. Учурдагы кырдаалды жана экономикалык адистешүүнү талдоо | |||||||||||||
| Сүлүктү шаарынын аймагында жалпы 42 ири өнөр жай ишканалары бар. 2025-жылдын январь-декабрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 2 млрд 039 млн 041 мин сомдук дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 54,%га көбөйдү. 2025-жыл ичинде ѳнѳр жай ишканалары тарабынан 431,0 тонна көмүр оңдүрүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу 125 мин тонна ашыкча көмүр ѳндүрүлгөн. 2025- жыл ичинде жаңы ачылган өнөр-жай ишканалар 2025-жыл ичинде 7 жаны көмүр өндүрүүчү ишкана ишке кирди. Алар: «Толукбай», «Мурас 1», «Кенчилер береке», «Лин СЮН», «Горный Кристалл», «Бакай Плюс Алыш» жана «Кенч Сити» ЖЧКылар. Инвестициялар Сүлүктү шаарында 2025-жылдын ичинде ички инвестициянын көлөмү 638млн 900миң түздү. Ички инвестициялардын негизгилерин белгилей кетсек. 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24- мартындагы "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджеттен каралган каражаттарды пайдалануу тартиби жөнүндө" № 166 сандуу токтомунун негизинде 2025-жылга карата Сүлүктү шаарынан “Тоо-Бүркүтү ден соолукту чыңдоо комплексин куруу” долбоору өткөрүлгөн. “Тоо-Бүркүтү ден соолукту чыңдоо комплексин куруу” долбоорун ишке ашыруу максатында 107 541 150 сомго мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыя берилген. Аталган долбоор боюнча 2025-жылдын 4-июлунда № 18 сандуу келишими “Оскар ” Ачык типтеги Акционердик курулуш компаниясы менен 104млн 541миң сомго Сүлүктү шаарынын мэриясынын ортосунда эки тараптуу келишим тузулуп курулуш иштери жүрүп жатат. Баткен өнүктүрүү фондунан кошумча бөлүнгөн 20 ,0 млн. сом акча каражатын өздөштүрүү тапшырмасын аткаруу боюнча Сүлүктү шаарындагы “Белес резорт” ишканасынын жыйындар залын жана ашканасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жана керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн жалпы 19 млн 984миң сомго келишим түзүлдү. Жалпы 124млн 526миң сомду түздү. “Кыргыз Көмүр” Мамлекеттик ишканасы тарабынан 250 орундуу Сүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы № 8 орто мектебинин курулушу долбоору каржыланып учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 165 000 000 сомду түзөт. Капиталдык салымдар беренеси боюнча Республикалык бюджеттен каржылануучу обьектердин титулдук тизмесине Сүлүктү шаарындагы Джержинский көчөсүнө 384 орундуу Н.Кушматов гимназия мектебинин курулушу киргизилип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. - Долбоордун жалпы суммасы 252 млн 13 миң сомду түзөт. Капиталдык ондоп түзөө обьектилери. 1. Капиталдык салымдар беренеси боюнча № 1 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жалпы суммасы 23млн 247миң сом. Баткен областын өнүктүрүү фонду 1. Сүлүктү шаардык ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көмзөмөл бөлүмүнүн жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 4 млн 452 миң сомду түзөт. Тышкы инвестиция - 8 млрд 761млн сомду түздү. Кытай Эл Республикасы менен биргеликте жалпы 5 комур ондуруучу ишкана ачылды. Алар: “Улинь групп”, “Орхидея”, “Мурас-1”, “Толукбай” көмүр өндүрүүчү ишканалары. Жалпы 61 600 000 сомду түзөт. Ошондой эле 8 млрд 700 млн сом (10 млн АКШ доллары) “Сүлүктү - 11-талаа” көмүр өндүрүүчү ишканаларына өнөр-жай жабдуулары келип түшкөн. Эл аралык уюмдар менен кызматташуу (чет элден келген инвестиция) Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Сүлүктү шарынын мэриясы тарабынан 8 долбоор өткөрүлгөн. Жалпы 22 350 $ түзөт.(1млн 948миң сом). Учурда 8 долбоор баары тен толугу менен ишке ашырылды. Көмүр өндүрүлгөн жерлерди рекультивациялоо ИНВЕСТИЦИЯ Мүмкүнчүлүктɵр: • Сүлүктү шаары Таджикстан Республикасы менен чектеш аймакта жайгашканы үчүн чек ара соодасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар; • Шаар боюнча инвестициялык карта түзүү (бош имараттар, жер тилкелери, өнөр жай зоналары, ресурстар); • Жолдорду, суу жана электр тармактарын реконструкциялоо; • Тышкы өлкөдө жүргөн мигранттардын акча которуулары экономикалык потенциал катары пайдаланылышы мүмкүн; • Мигранттардын тажрыйбасы менен кайра кайтып келип, бизнес ачууга түрткү берүү; • Кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн мамлекет жана эл аралык уюмдар аркылуу колдоо программаларын колдонуу; • Агро-бизнес, кайра иштетүү жана кол өнөрчүлүк тармактарын өнүктүрүү. | |||||||||||||
| 4.3. Экономикалык өнүгүү муктаждыктарын талдоо (анын ичинде тике (жеке) инвестициялар). | |||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | ||||||||||
| “Сүлүктү -11-талаа” көмүр кенин иштетүү | -жаны жумуш орундар түзүлөт; -бюджеттин киреше булагы жогорулайт; -өнөрүлгөн продукциянын көлөмү көбөйөт; -шаардык инфрастуктурасы жакшырат | -Калктын жашоо шарты жакшират; -Социалдык-экономикалык маселелер чечилет; -өндүрүштүн көлөмү көбөйөт - салык жана социалдык төлөмдөрдүн аткаруу көрсөткүчтөрү жогорулайт. | -1 жылга 1 млн тонна көмүр өндүрүү | ||||||||||
| БАРДЫГЫ жергиликтүү бюджеттин каражаттары | |||||||||||||
| БАРДЫГЫ биргелешкен катышуу каражаттары | |||||||||||||
| БАРДЫГЫ тике инвестициялар | 10,0 млн АКШ дол (2025-ж) | ||||||||||||
| 4.4. Экономикалык өнүгүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга болгон муктаждыктарга анализ жүргүзүү | |||||||||||||
| Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | ||||||||||
| “Тоо-Бүркүтү ден соолукту чыңдоо комплексин куруу” | Белес капчыгайында туризм тармагын өнүктүрүүгө кошумча стимул берүү, жылдын тиешелүү мезгилинде “Тоо-Бүркүтү” (Белес Резорт) эс алуу комплексинде калкка, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жана өспүрүмдөргө эс алууга, ден-соолугун чындоого ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү. | Республиканын борборунан эң алыскы шаарда (аймакта) туризмдин өнүгүүсүнө шарттар түзүлөт, жергиликтүү бюджеттин көлөмү көбөйөт. | 124,0 млн сом | ||||||||||
| Спорттук-маданий, оюн-зоок аянтчаларын камтыган шарттарды түзүү | Сүлүктү шаарында коп функционалдуу борбор куруу | Сүлүктү шаарында көп функционалдуу борбор курулду жана эксплуатацияга берилди. 2027-2028-жылдар. | 50,2 млн сом | ||||||||||
| Кыргыз Улуттук университетинин Сүлүктү институтунун кампусун куруу | Кыргыз Улуттук университетинин Сүлүктү институтунун кампусун куруу | Кыргыз Улуттук университетинин Сүлүктү институтунун кампусун курулат, чек арада жайгашкан тургундар үчүн билим берүүгө, жаңы компетенция мейкиндигин пайда кылуу иштери ишке ашат. 2027-2030-жылдар. | 80,0 млн сом | ||||||||||
| Транспорттук туюктуктан чыгаруу чаралары | Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагынан Лейлек районунун Кар-Булак айылына чейин жол куруу | Кош-Булак-Кара-Булак автомобиль жолу курулат (гравий төшөлмө) 2027-2028-жылдар. | 20 млн сом | ||||||||||
| БАРДЫГЫ бюджеттик инвестициялар | 274,2 млн | ||||||||||||
| 5-БӨЛҮМ. ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ | |||||||||||||
| 5.1. (таблица) Инклюзивдүү өнүгүү (адам) | |||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
| 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| Иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (адам) | 725 | 739 | 711 | 714 | 708 | ||||||||
| Иштей албаган оор майыптыгы бар адамдар (адам) | 48 | 50 | 56 | 58 | 57 | ||||||||
| Өтө жакыр адамдар (адам) | 3415 | 3322 | 2941 | 2955 | |||||||||
| Турмуштук оор кырдаалдагы балдар (адам) | 40 | 39 | 41 | 41 | 41 | ||||||||
| Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр (бир.) | 15 | 16 | 17 | 17 | 17 | ||||||||
| Алыскы калктуу конуштардын калкы (адам) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Эмгек мигранттарынын жашы 18ге жете элек балдары (адам) | 409 | 434 | 296 | 366 | |||||||||
| Этникалык азчылыктар (адам) | 6001 | 6001 | 5082 | 5224 | 5100 | ||||||||
| Алардын ичинен аялдар (адам) | |||||||||||||
| Аялдар (калктын жалпы санынан % ) | 12536 | 12536 | 12953 | 12998 | 12998 | ||||||||
| Улгайган (жалгыз) (адам) | 22 | 23 | 24 | 33 | |||||||||
| Калктын жалпы санындагы калктын аялуу топторунун бардык категорияларынын (аялдардан тышкары) жалпы үлүшү (%) | - | - | - | - | |||||||||
| Гендердик зомбулук учурлары (бир.) | - | - | - | - | - | - | - | - | - | ||||
| Кризистик борборлордун болушу (бир.) | 1 | 1 | 1 | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | ||||
| 5.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү | |||||||||||||
| Заманбап шарттарда инклюзивдик өнүгүү социалдык саясаттын бир бөлүгү гана эмес, ошондой эле туруктуу шаардык өнүгүүнүн негизги компоненттеринин бири катары каралууда. Сүлүктү шаарында ар бир тургун – социалдык абалына, жашына, ден соолугунун абалына же жашоо шартына карабастан – коомдук турмуштун толук кандуу катышуучусу катары сезе турган ачык жана жеткиликтүү шаардык чөйрөнү түзүүгө умтулат. 2025-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Сүлүктү шаарынын социалдык өнүктүрүү органдарында 705 аз камсыз болгондор катталган. Ал эми 957 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. 2024-жылга салыштырганда муктаж болгондордун санынын кыскаргандыгы оң тенденция катарында эсептелет – аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 52ге кыскарган. Бул учурдагы колдоо көрсөтүү механизмдеринин натыйжалуулугу жогорулагандыгын, ошондой эле ишке ашырылып жаткан чаралардын натыйжалуулугун көрсөтөт. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдында социалдык комиссия тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана оор турмуштук кырдаалда турган жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен мэриянын резервдин фондунун эсебинен жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн материалдык жардам көрсөтүлүп келет. Сүлүктү шарынын мэриясына жазган арыздардын негизинде 1,0 миң сомдон 5,0 миң сомго чейинки берилүүчү материалдык жардамдан, 2025-жылы 69 адамга ар кандай суммада 300,0 миң сом акчалай материалдык жардам которулуп берилди жана аз камсыз болгон жарандарга кыш мэзгилине көмүр менен камсыз кылуу максатында 70 жаранга 3,0 миң сомдон 210,0 миң сом которулду; - 1-июнь Эл-аралык балдарды коргоо күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки 30 балага 500сомдон 15 000 сом жергиликтүү бюджеттен которулуп берилген, ал эми мэрия тапкан демөөрчү тарабынан 130 миң сомдук жардам көрсөтүлгөн. Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан 2022-2025-жылдары Сүлүктү шаарында 125 үй-бүлө жалпы суммасы 13 млн.750 мин сом социалдык контракт берилди. Азыркы учурда Сүлүктү шаарында ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды Жалал-Абаддагы “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялоо борборуна жыл сайын жиберүү иштерин ишке ашырып келет. Андан сырткары шаардын аймагында 1 багып алуучу (Фостер) үй-бүлө бар, анда 1 бала тарбияланууда. Бирок бул чөйрөдө төмөнкүдөй бир катар көйгөлөр бойдон калууда: -калктын мобилдүүлүгү чектелген топтору үчүн шаардык инфраструктуранын жеткиликтүү эместиги; -майыптуулугу бар адамдар үчүн реабилитациялык борборлордун жоктугу; -аярлуу катмардагы адамдардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги; -карылар жана ардагерлер үчүн геронтологиялык борбордун толук иш алып баруусу үчүн каражаттын жетишсиздиги. Инклюзивдик өнүгүүнүн көйгөйлөрүнүн чечүү жолдору: Саламаттыкты сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү: oСүлүктү шаардык Жалпы дарыгердик практика борборунун №1,2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы корпусун куруу; oФельдшердик-акушердик пункттарды (ФАП) капиталдык ремонттон өткөрүү, куруу. Аярлуу катмардагы жарандарды колдоо: oГеронтологиялык борборго реабилитациялык корпус куруу, борборго каражаттарды улам жыл сайын бөлдүрүүнү камсыздоо жана ардагерлерге даректүү жардам көрсөтүү; oАз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой кары-картаңдарга азык-түлүк жана материалдык колдоону уюштуруп ишке ашыруу; oҮй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар жана аз камсыз болгондор үчүн кризистик борбор ачуу. Инклюзивдик чөйрөнү түзүү: oМектептерде инклюзивдик класстарды түзүү, мугалимдерди окутуу жана атайын жабдуулар менен камсыз кылуу; oМамлекеттик жана муниципалдык имараттарга орнотулган пандустардын санын көбөйтүү, абалын чыңдоо жана коомдук жайларды жеткиликтүү стандарттарга келтирүү; oМүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумушка орноштуруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу. Балдардын укугун коргоо: oКооптуу абалдагы балдарды аныктоо жана үй-бүлөлөргө психологиялык-укуктук жардам берүү; oМыйзамсыз иштерди жасаган жана зомбулукка кабылган балдар үчүн атайын борбор түзүү. Коомдук демилгелер: oИнклюзивдик маданиятты жайылтуу боюнча форумдарды, тегерек столдорду жана маалыматтык кампанияларды өткөрүү; oМамлекеттик эмес уюмдар жана кайрымдуулук борборлору менен биргеликте социалдык долбоорлорду ишке ашыруу. | |||||||||||||
| 5.3. Инклюзивдик өнүгүү муктаждыктарына анализ жүргүзүү | |||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | |||||||||||
| Жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо, инклюзивдик чөйрөнү өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү | Ардагерлер жана карыялар үчүн Геронтологиялык борборду ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү; • Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдары бар аялдар үчүн жардам борборун куруу; • Сүлүктү шаарынын социалдык жактан аярлуу жана аз камсыз болгон тургундары үчүн даректүү социалдык жардам алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү; • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инфраструктуралык объекттерге жана билим берүү мекемелерине жеткиликтүү шарттарды түзүү; • Инклюзивдик программаларды ишке ашырууда өкмөттүк эмес уюмдар, коммерциялык түзүмдөр жана кайрымдуулук фонддору менен өнөктөштүктү өнүктүрүү; • Жеке секторду жумуш орундарын түзүүгө, жеткиликтүү технологияларга инвестиция салууга жана социалдык ишканаларды өнүктүрүүгө тартууга көмөктөшүү; • Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн Кайрымдуулук борборунун алдында шаардык реабилитациялык борборду куруу жана жабдуу. | Социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу. Иш-чараларды 2026–2030-жылдар аралыгында этап-этабы менен ишке ашыруу | |||||||||||
| Жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо | Финансылык сабаттуулук боюнча курстарды уюштуруу же жумушка орношууга жардам көрсөтүү | Жергиликтүү мейманканалар жана ресторандар менен жакыр үй-бүлөлөрдөн жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуп, андан кийин жумушка алуу боюнча келишим түзүү, 2026-жылдан 2030-жылга чейин жакыр үй-бүлөлөрдөн 5 жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3 адамды ишке орноштурууга мүмкүндүк берет. | |||||||||||
| Мигранттар | Мигранттар үчүн тил үйрөтүү, кесиптик багыт берүү, ишке орноштурууга жардам көрсөтүү боюнча атайын курстарды уюштуруу. Иш берүүчүлөр менен өнөктөштүккө жумушка орноштуруу программасын иштеп чыгуу. | 2026-2030-жылдар аралыгында 100 мигрантты кесипке үйрөтүп, алардын ичинен жок дегенде 30 адамды туруктуу жумушка орноштуруу мумкүнчүлүгүн түзөт. | |||||||||||
| 6-БӨЛҮМ. МЕЙКИНДИК | |||||||||||||
| 6.1. (таблица) Мейкиндик | |||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
| 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| Аймактын жалпы аянты (га) | 1733 | 1733 | 1733 | 1733 | 3040,2 | 3040,2 | 3140,2 | 3140,2 | 3140,2 | ||||
| Жер категориялары (га): | 1733 | 1733 | 1733 | 1733 | |||||||||
| Айыл чарба жерлери (бардыгы): | |||||||||||||
| анын ичинде айдоо аянттары | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| сугарылбаган | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| сугат айдоо жерлер | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| анын ичинде жайыттар | 915 | 915 | 915 | 915 | |||||||||
| анын ичинде жеке | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| анын ичинде АЖМФ | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| анын ичинде иш жүзүндө колдонулган | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| анын ичинде колдонулбаган (баланс) | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер (бардыгы): | 106 | 106 | 106 | 106 | |||||||||
| Иш жүзүндө колдонулган | 106 | 106 | 106 | 106 | |||||||||
| Колдонулбаган (баланс) | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Калктуу конуштун жерлери (бардыгы): | 712 | 712 | 712 | 712 | |||||||||
| анын ичинде турак жай курулушу | 114 | 114 | 114 | 114 | |||||||||
| Иш жүзүндө колдонулган | 598 | 598 | 598 | 598 | |||||||||
| Колдонулбаган (баланс) | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) жерлери | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Токой фондусунун жерлери | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Суу фондусунун жерлери | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Запастагы жерлер: | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Иш жүзүндө колдонулган | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Колдонулбаган (баланс) | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Аймактын айыл чарба жерлеринин жалпы аянтындагы иш жүзүндө пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин үлүшү (%) | 0 | 0 | 0 | 0 | - | - | - | - | |||||
| Инженердик инфраструктура менен камсыздалган турак жай куруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Инженердик инфраструктура менен камсыз кылынган өндүрүштү жайгаштыруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Категория боюнча пайдаланылбаган же кошумча жерлерди пайдалануу зарылдыгынын прогнозу (га): | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Айыл чарба жерлери | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер (бардыгы) | 106 | 106 | 106 | 106 | |||||||||
| Калктуу конуштун жерлери (турак жай курулушу) | 712 | 712 | 712 | 712 | |||||||||
| Токой фондусунун жерлери | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| Суу фондусунун жерлери | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||
| 6.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү | |||||||||||||
| Сүлүктү шаарынын жалпы жер аянты 3040,2 гектар. Шаардын айыл чарба багытындагы жерлери жок, анын ичинде жайыттар 915 гектар аянтты ээлейт. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, административдик-аймактык реформанын алкагында Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынан 553 гектар жер Сүлүктү шаарына кошулган. Шаарда жеке турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү маселеси өтөт курч бойдон, жер алууга кезекте турган жарандардын саны 2000ге жакын, ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында коммерциялык багыттагы жер тилкелерине да муктаждык бар. Соода борборлорун, өндүрүштүк жайларды, тейлөө кызмат көрсөтүү объектилерин жана башка ишкердик объекттерди куруу үчүн ылайыктуу инфраструктурасы бар жер тилкелерине суроо-талап өсүүдө. Бул өз кезегинде шаар экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизгени менен жеткиликтүү жер ресурстарынын чектелүү болушу кыйынчылыктарды жаратууда. Сүлүктү шаарында жеке турак-жай куруу үчүн да, бизнес багытындагы объекттерди жайгаштыруу үчүн да жер тартыштыгы бар. - Сүлүктү шаарында аймактарды пайдалануу жана курулуш жүргүзүү тартибин жөнгө салган укуктук зоналаштыруу эрежелери колдонулат. Аталган эрежелер шаар куруу документациясынын негизинде белгиленип, ар бир аймактын функционалдык багытын (турак-жай, коомдук-ишкердик, өндүрүштүк, рекреациялык ж.б.) аныктайт. Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү жагдай — мэрия өз алдынча укуктук зонаны өзгөртүү укугуна ээ эмес. АТРдин алкагында кошулган жер аянтын турак-жай куруу үчүн трансформациялоо боюнча тийиштүү процедуралык жумуштар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасы менен Таджикстан Республикасынын чек арасын жөнгө салуунун алкагында Сүлүктү шаарына жакын Кароол участкасынан 100 гектар жерди Сүлүктүгө кошуу маселеси 2025-жылы Элдик Курултайда көтөрүлгөн, бүгүнкү күндө тийиштүү чечим кабыл алына элек. Азыркы учурда Сүлүктү шаарынын башкы планы иштелип жаткандыгына байланыштуу, Сүлүктү шаарынын Укуктук зоналаштыруу, куруу эрежелери башкы план толук аягына чыккандан кийин Жергиликтүү кеңештин макулдугу менен ишке ашырылат. Шаарды ири логистикалык жана өнөр жай борбору катары өнүктүрүү үчүн, укуктук абалы такталган жана инженердик-логистикалык инфраструктурасы алдын ала даярдалган жер тилкелеринде жаңы ишканаларды жайгаштыруу үчүн аянтчаларды даярдоо талап кылынат. Бул үчүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруунун алкагында шаардын укуктук зоналарынын түзүмүн пландаштыруу жана уюштуруу, жерлерди трансформациялоо жана пайдаланылбаган тилкелерди иштетүү боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле шаардын периметри боюнча транспорттук-логистикалык объекттерди жайгаштыруу схемасы иштелип чыгат. Мамлекеттик чек арада демаркация иштери жүргүзүлгөндөн кийин, жеке турак жай курулушу, жер көчкү коркунучу жогору болгон тилкелерде жашаган адамдарды көчүрүү, логистикалык борборлор үчүн инфраструктурасы бар жаңы аянтчаларды жана логистикалык борборлорду куруу үчүн 100 гектар жерди өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. | |||||||||||||
| Сүлүктү шаарынын жер аянттарын пайдалануу — шаардын мейкиндиктик өнүгүүсү, инфраструктуралык жайгашуусу жана экономикалык потенциалы үчүн негизги факторлордун бири болуп саналат. КӨЙГӨЙЛӨР: -Шаар калкы үчүн турак жай куруу үчүн жер тилкесинин жетишсиздиги. -Экологиялык тобокелдиктер – мурдагы көмүр шахталарынын айланасындагы жерлердин булганышы. СУНУШТАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ: 1. Жерди функционалдык зонирлөө (аймакка бөлүү) -Шаарды өнүктүрүүнүн генералдык планын толук бүткɵрүү, кайра иштеп чыгуу; 2. Бош жана пайдалануусуз жаткан жерлерди инвентаризациялоо -Мыйзамсыз пайдаланылган жерлерди аныктап, муниципалдык баланска кайтаруу. -Бош жерлерди инвесторлорго же жергиликтүү ишкерлергесунуштоо үчүнреестр түзүү. 3. Жашыл зона жана коомдук жайларды көбөйтүү -Сейил бактар, оюн аянтчалары жана коомдук спорт объектилерин куруу. -Буга шаардык бюджет жана коомдук-менчик өнөктөштүк аркылуу каржылоо каралышы мүмкүн. 4. Шаарды пландуу кеңейтүү -Миграциянын өсүшүн эске алуу менен жаңы конуштарга жер бөлүү жана инфраструктура менен камсыз кылуу. Мыйзамсыз курулуштарга карата жер мыйзамдарынын талаптарын күчөтүүжана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | |||||||||||||
| 6.3. Мейкиндик планынын элементтери | |||||||||||||
| Мейкиндик планын өзгөртүүдөгү чаралар же ниеттер: | Күтүлгөн жыйынтыктар: | ||||||||||||
| Административдик-аймактык реформанын алкагында Сүлүктү шаарына өткөрүлгөн айыл чарба багытындагы пайдаланылбаган 553 га жерди, калктын санынын өсүшүнөн жана жарандардын кайрылууларынан улам аны кеңейтүү зарылчылыгына байланыштуу турак жай фондунун жерлерине трансформациялоо | Турак жай фондунун аянтын 10% га көбөйтүү калктын турак жай менен камсыз болушун жакшыртууга жана кожолуктардын санын 12% га көбөйтүүгө өбөлгө түзөт, жер көчкү коркунучу бар жана жеке турак үй курууга муктаж адамдар жер тилкеси менен камсыздалат. | ||||||||||||
| Мезгил талабына ылайык мейкиндик планы өзгөртүүлүшү мүмкүн, айыл чарбасына жаны технологияларды колдоонууда, айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жаны ыкмасын киргизүүдө. | Жаны технологияларды колдоонууда адам ресурстарын күчүн колдонуу азайып, айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө женилдиктер жаралып, арзан продукция өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. | ||||||||||||
| Жарандар эс алуучу парк, скверлер аз болгонуна байланыштуу, жашыл зоналар үчүн жер аянттарын бөлүп берүү зарылчылыгы бар. | Парк жана скверлер курулса жарандар үчүн эс алууга шарттар түзүлөт. | ||||||||||||
| 7-БӨЛҮМ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ | |||||||||||||
| 7.1. (таблица) Айлана-чөйрө | |||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
| 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| Жаратылышты коргоо зоналарынын, ӨКЖА, микрокоруктардын аянты (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Токойлор ээлеген аймак, анын ичинде жайылма токойлор (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Токойлорду калыбына келтирүү (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Деградацияланган жайыттардын аянты (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Малдын жайытка болгон жүгү (1 айда 1 гектарга шарттуу малдын башынын саны) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||||||
| Деградацияланган жайыттардын жалпы жайыт аянтына карата үлүшү (%) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Деградацияга дуушар болгон айыл чарба жерлеринин аянты (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Деградацияланган жайыттардын жалпы аянтына карата калыбына келтирилген жайыттардын үлүшү (%) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Энергияны үнөмдөө. Кожолуктардын жылытуу үлүшү (%): | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| борбордук жылытуу | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| электр энергиясы | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| газ | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| меш жылытуу | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| башка орнотуулар | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| башка кайра жаңылануучу булактар же энергияны үнөмдөөчү орнотуулар (мисалы, көпкө күйүүчү мештер ж.б.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| КТК полигондорунун саны (даана) | 2 | 2 | 2 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | ||||
| КТКны кайра иштетүү боюнча ишканалар же коңшу аймактардагы мындай ишканалар менен макулдашуу (бир.) | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | ||||
| Санкцияланбаган полигондордун саны (бир.) | 1 | 1 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Кен казып алуу тармагынын объекттери (бир.) | 39 | 40 | 39 | 40 | 46 | 46 | 48 | 48 | 50 | ||||
| Экологиялык тобокелдиги жогору кен казып алуу тармагынын объекттери (даана) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Тазалоочу курулмалар аркылуу өткөн саркынды суулар (%) | 15 | 12 | 30 | 35 | 38 | 40 | 45 | 50 | 55 | ||||
| 7.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү | |||||||||||||
| -Сүлүктү шаарынын аймагында жаратылыш ресурстарынан көмүр гана бар, 2025-жыл ичинде көмүр өндүрүүнүн көлөмү ... тоннаны түзгөн, шаардын аймагында жайыттардын аянты ... гектарды түзөт, токой, суу, жер ресурстары жок, шаардан дарыя агып өтпөйт. Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Белес капчыгайынан “Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин жери Сүлүктү шаарына караштуу, учурда Белес-Резорт эс алуу комплекси курулушу жүрүүдө. -Экологиялык маселелерди чечүү үчүн уюштуруу структура жок жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча иш алып барган жамааттар жаштардын волонтердук кыймылы бар. -ЖӨБ органдарынын аймагында айлана- чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын жана климаттын өзгөрүү тобокелдиктерин азайтуу боюнча тармактык пландар аткарылууда. Шаар аймагында бир нече жер көчкү корунучу бар участоктор бар, алардын биринде 45 кожолук көчүрүлүүгө жатат. Бирок бүгүнкү күндө турак-жай куруу үчүн бөлүп берүүгө жер тилкесинин жоктугунан улам аларды көчүрүү мүмкүнчүлүгү -Сүлүктү шаарында айлана-чөйрөнүн жана суу ресурстарынын абалына терс таасир этүүчү объекттер жок, бирок, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү объекттер тоо-кен өндүрүштөр бар, отканалар, мал союучу жайлар жок, уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайлар шаардын Бөкөнбаев көчөсүндө бар. Бул маселени чечүү үчүн “Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасы бүгүнкү күндө аталган көчөнүн тургундары менен тийштүү кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүдө, таштанды урналарын орнотууда. -Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана/же микрокоруктар жок. -Сүлүктү шаары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге дуушар болуусу азыркы күндөн эле сезилүүдө. Шаардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо бир гана булактан ичүүчү суунун жетишсиздиги, ичүүчү суунун сапатынын төмөндөшү орну алууда жана тартыштыгы байкалууда. Табигый кырсыктардын тобокелдиктери, жыл мезгилиндеги жаан-чачындын көбөйүшү таасир этүүдө. -Сүлүктү шаарында 1 катуу тиричилик калдыктарын топтоо полигону бар, жалпы аянты 3,02 гектарды түзөт. Бүгүнкү күндө дагы бир катуу тиричиликтер үчүн полигон түзүү иштери жүрүүдө. Саркынды сууларды жана тазалоочу курулмаларды башкаруу чөйрөсүндө төмөнкүдөй көйгөйлөр бар: | |||||||||||||
| - КТК полигондорунун ашыкча толуп калышы | |||||||||||||
| - таштанды чыгаруу үчүн транспорт каражатынын жетишсиздиги | |||||||||||||
| - саркындыы сууларды жөнгөрүү системасынын толук кандуу иштебөөсү | |||||||||||||
| - эмгек ресурстарынын жетишсиздиги | |||||||||||||
| -КТК башкарууну оптималдаштыруу; - Көмүр өндүрүлгөн жерлерди рекультивациялоо. | |||||||||||||
| -Аймакта коркунучтуу пестициддер көмүлгөн жерлер, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар бар мал көмүлгөн жерлер же өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын очоктору жок. | |||||||||||||
| 7.3. Экология маселелери | |||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | |||||||||||
| Сулүктү шаарынын аймагына 7 километрден кем эмес узундуктагы саркынды суу куурларын орнотуу жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды (очистное сооружение) куруу долбоорлорун ишке ашыруу | Саркынды суу куурларын тартуу жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды (очистное сооружение) реконструкциялоо долбоорлорун ДСД даярдоого 10 млн сомдон кем эмес акча каражаты керектелет. | Бул долбоорлорду ишке ашыруу менен Сүлүктү шаарындагы саркынды сууларды жөнгөрүү системасы туруктуу негизде кызмат кылат (функционирует) жана экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт. Сүлүктү шаарынын суу жана саркынды суу системалары заманбап стандарттарга жооп берип, тургундардын жашоо деңгээли жогорулайт, санитардык-эпидемиологиялык абал жакшырат. | |||||||||||
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.